КоомМыйзам жана укукСаясат

Шайлоо 2020: Шыкмаматов БШКдан бардык №2 форма аркылуу каттоолорду жокко чыгарууну талап кылды

"Бир Бол" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алмамбет Шыкмаматов тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына №2 форма боюнча арыз берген кыргызстандыктардын шайлоочулардын тизмесине киргизүүнү жокко чыгаруу маселесин чукул карап чыгууну талап кылып, БШКга арыз жөнөттү. Бул тууралуу ал 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү шайлоолор административдик ресурстар кыянаттык менен пайдаланылып жатат, ошондой эле буга чейин №2 форманын жардамы менен шайлоочуларды массалык түрдө сатып алуу менен коштолуп жаткандыгы айдан ачык көрүнүп турат. Буга укук коргоо органдары чара көрбөй, аларга көмөктөш болгондой болуп жатат.

 «Көпчүлүк учурларда №2 форма  сатып алынган шайлоочуларды көзөмөлдөө механизми болуп калды. Буга чейин белгилүү болгондой, 450 миңден ашуун шайлоочу өз участкаларынан башка жерде добуш беришет, аларды уюшкандык менен, добуштары жалпы көзөмөлгө алынат. Кыргызстандын тарыхында мындай кырдаалды коррупциялашкан саясий күчтөрдүн шайлоочуларды болуп көрбөгөндөй массалык түрдө сатып алуусу катары мүнөздөсө болот», – деди Алмамбет Шыкмаматов.

Анын пикиринде, чуулгандуу №2 форма элдин шайлоонун жыйынтыгына болгон ишенбөөчүлүгүн жаратып, натыйжада мыйзам чыгаруу бийлигинин, ошондой эле аткаруу бийлигинин легитимдүүлүгүнө олуттуу шек саноолорду жаратышы мүмкүн.

Ал шайлоочулардын дээрлик 13%ы же жалпы өлкө боюнча калктын 7%ы күтүүсүз эле шайлоо дарегин өзгөртүү боюнча арыз берүүнү чечкение нааразы. Бул шайлоо дарегин өзгөртүү жасалма түрдө жүрүп жаткан жараян экендиги ачык-айкын көрүнүп турат деп эсептейт:

 “Өткөн айда №2 форма аркылуу шайлоо даректеринин массалык түрдө өзгөрүүсү Кыргызстандын тарыхындагы болуп көрбөгөндөй чоң кыянаттыктардын бири. Ошондой эле, шайлоочуларды сатып алуу жана жарандардын шайлоого катышуусунун негизги принцибин түздөн-түз бузуу болуп саналат. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык Мыйзамынын” 2-беренесинде бул жөнүндө даана белгиленген. Анда айтылгандай, бул республиканын жалпы жарандарынын шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашыруунусуна негизделген шайлоону өткөрүүнү караган норма. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо, ошондой эле өз эркин билдирүүсүнө таасир этүүгө эч кимдин укугу жок.», – деп жыйынтыктады Алмамбет Шыкмаматов.

 

Булак
24.kg
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button