АналитикаСаясат
Маанилүү

ШАЙЛОО 2020: Матраимовдун өкүл баласы менен Мирзиёевдин күйөө баласынын кандай байланышы бар?

Эсиңиздерде болсо «Аrgument.kg» сайтына «Раим миллиондун “кулагы” Өзбекстандан чыкты» деген аталыштагы макала жарыяланган эле. Анда Раим Матраимовдун Ташкентке тынымсыз каттап калганын, «Tashkent City» соода борборуна инвестор боло тургандыгы жана Матраимовду өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик коргоо кызматы тосуп алып жатканы жазылган.

Аталган сайт Раим Матраимовтун Ташкентке болгон сапары ушак эмес экенин, бирок маалыматты далилдей албай турганын айткан. Анын себебин Раим кайсы жерге барбасын аны менен жолуккандардын чөнтөк телефондору алынып, бир да адам сүрөткө же видеого тартып ала албай тургандай кылынганы менен байланыштырган. Бул маалыматтан кийин биз да бул боюнча иликтеп көрүүнү чечтик.

Көп өтпөй Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик коргоо кызматынын жетекчиси, тагыраагы күйөө баласы Отабек Умаровдун «Umma» спорт клубунда өзү менен кошо машыгып жаткан спортчулардын видеосун таап чыктык. Ал видеодо белгилүү спортсмендер менен кошо Умаровдун жанында Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Райымбек Матраимовдун ишенимдүү кишилеринин бири, өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновду (мурдагы фамилиясы Раимбеков — ред.) көрүүгө болот.

Кара-Суу районундагы айыл өкмөттү жетектеп турган мамлекеттик кызматкер Мунарбек Сайпидинов Өзбекстандын мамлекеттик коргоо кызматынын жетекчиси менен бир спорт залда эмне кылып жүргөндүгүнө кызыккан эч ким жокпу? Бул көрүнүш биздин өлкөнүн коопсуздугу үчүн коркунучтуу эмеспи?

Мунарбек Сайпидиновдун ысымы буга чейин бир нече ирет коомчулукта талкуу жаратып келген. Алсак анын Бириккен Араб Эмираттарындагы эс алып жүргөн видеосу социалдык тармактарда тарап, катуу сынга алынган. Интернет колдонуучулар анын өзүн алып жүрүүсүн “мамлекеттик кызматкердин этикасына жооп бербейт” деп айтышкан. Анын бул видеосу “Дубайда дардаңдап кыйкырып эс алып жүргөн Кара-Суулук айыл өкмөт” деген аталышта жүктөлгөн.

Опубликовано Abdumalik Bazarbaev Суббота, 11 января 2020 г.

Жосунсуз жоруктары менен социалдык тармактын колдонуучуларын ирээнжиткен бул  видеолор Мунарбек Сайпидиновдун эмгек өргүүсүндө тартылган. Айрым интернет колдонуучулар айыл өкмөттүн “Erem сила!”деген кыйкырыктарына басым жасап, Райымбек Матраимовдун өкүл баласы экенин жазышууда.

Сайпидиновдун ысымы кийинчирээк спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу президентке болгон видеокайрылуусунда «Саркарбаев ооруканага Мунарбек Раимбеков менен келип, арыз жазсаң өлтүрөбүз» деп коркутканын айтканда аталган. 

Президентке кайрылуу

Эсиңиздерде болсо 2019-жылдын 21-сентябрь күнү Төлөгөн Рахманберди уулу бутуна ок жеп ооруканага түшкөн. Шектүү катары Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев айтылган болчу. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева тараткан эле.Эң кызыгы ошол учурда Абдуллаева К. Саркарбаев спорт комитетинин төрагасы болуп тургандыгы тууралуу маалымат берген эмес. Ал эми Ош мэриясы бул кызматкер учурда жумушка келбей жатканын айтып чыккан. Ошол учурда журналист Ыдырыс Исаков фейсбук баракчасына бул окуя тууралуу жазып чыккан эле. Анда ал өз булактары аркылуу маалымат алганын айтып, Ошто атышуу болгонун билдирген жана ага мэриянын кызматкери аралашканын айткан.Ошентип аягында Төлөгөн Рахманберди уулу арыз жазуудан баш тарткан болчу. Эми ал президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып жатат. Анткени ал балдак таянып баса албай жүрсө да ур токмокко калганын айтат. Ошондой эле аны коркутуп арыз жазуудан баш тарттырышканын билдирди.

Опубликовано Oshportal.kg Пятница, 14 февраля 2020 г.

Мунун артынан эле Рахманберди уулунун жердештери жана Эмилбек Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов президентке видеокайрылуу жолдогон. Кимсановдордун кичүүсү видеодо анын агасын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кысымына кабылып жатканын билдирген.

Эмилбек Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынан 2018-жылы кеткен. Ага чейин ал мекеменин Ош облустук мекемесинде жооптуу кызматтарды аркалап турган.

Матраимов менен Кимсанов бир командада. Тургандардан солдон экинчиси Райымбек Матраимов, отургандардан оңдон биринчи Эмилбек Кимсанов.
Матраимов менен Кимсанов бир командада. Тургандардан солдон экинчиси Райымбек Матраимов, отургандардан оңдон биринчи Эмилбек Кимсанов.

Райымбек Матраимов бул жагдайларга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов иниси Кимсанов жумуштан кетерден бир жыл мурда кызматын тапшырганын кабарлаган. Ошол себептүү ал президентке жасалган кайрылууну кайсы бир күчтөр аларды каралоо иретинде атайын уюштуруп жаткан болушу мүмкүн экенин билдирген.

Кландардын тиреши: Жээнбековдор менен Матраимовдордон ырк кеттиби?

Бул болуп өткөн окуялардан кийин, Матраимов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүп, өзбек өнөктөштөрдөн колдоо издеп жүргөн жокпу деген суроо пайда болбой койбойт экен…

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт