Аналитика

Шайлоо 2020: «Баарына каршы» алдыда баратат.

Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого карата элдин маанайы терс. Мындай көрсөткүчтөрдү маалымат каражаттары жана ар кандай уюмдар жүргүзгөн сурамжылоолордон байкоого болот. Алардын дээрлик бардыгында «Баарына каршы» добуш бергендер алдыңкы орунда турат.

Акыркы күндөрү бир топ социологиялык изилдөөлөр, маалыматтык сайттар жүргүзгөн иликтөөлөрдө «Эртең шайлоо болуп калса кайсы партияны шайлайсыз?»— деп шайлоочулардан сурамжылоо жүргүзүп жатышат.
Жакында, Эл аралык Республикалык Институт (ЭРИ — IRI) Кыргызстандагы шайлоо алдындагы маанайды иликтеген сурамжылоосун жарыялады. Ага катышкандардын көпчүлүгү өлкө туура эмес багытта баратканын билдирип, башкы көйгөйлөрдү тизмектешти.
Изилдөөнүн жыйынтыгында калктын басымдуу бөлүгү өкмөттүн коронавируска каршы саясатына канааттанбаганы белгилүү болду. Партияларга карата каршы маанай күч экени көрүндү. Сурамжылоонун дагы бир бөлүгү шайлоого, саясий партияларга жана андагы талапкерлерге арналганын белгилегенбиз. Мында да кызык жооптор көбүрөөк.
Мисалга, «Эгерде ушул жекшембиде күтүүсүз парламенттик шайлоо өтчү болсо, сиз кайсы саясий партияга добуш бермексиз?» деген суроого респонденттер кандай жооп бергенин караңыз:
Андан сырткары Кыргызстандагы алдыңкы сайттардын бири «Акипресс» сайты да эл катары сурамжылоо жүргүзүптүр. Сурамжылоого 838 адам катышып, дээрлик 26 пайызы баарына каршы добуш бериптир.
Ал эми жакынкы жумаларда shailoo.org деп аталган сайт пайда болду. Бул сайт «Кайсы партияга добуш бересиз?» деген суроо коюп, телефон номерлери менен катталган шайлоочулардын жоопторун көрсөтүп турат. Аталган сайтта 13-сентябрь, саат 20:30га карата онлайн сурамжылоого катышкан 100,048 адамдын ичинен «Баарына каршы» деген 17,300 добуш менен (17% менен) биринчи орунда бара жатканын көрүүгө болот.

Белгилүү саясатчы Бактыбек Калмаматов «Азаттыктын» «Экспертер талдайт» берүүсүндөгү талкууга катышып жатып, «Парламент 6-чакырылтан 100 эмес жаман болот» деген оюн айтты:

«Мен көзү ачыктай эле айтып коёюн, парламент 6-чакырылтан 100 эмес жаман болот. Бүгүн баарына каршы электорат 25%дан өтүп бара жатат. Бул деген сөз баарына каршы деген утуп, бийликти сыздатышы мүмкүн. Эмнеге мен начар болот деп жатам? Бардык партиялардын тизмелерин көргүлө, бүт базарком, касапчы, коммерцанттар кетип жатат. Алар деген 1 сомду эки сом, эки сомду төрт сом деп чоңойгон балдар. Алардын идеологиясы акча менен, цифра менен эсептелет. Бул дегени президент аларды салык кызматы, күч органдары, фин полиция аркылуу кадимкидей ордуна коюп коёт. Ошон үчүн келаткан парламенттин 85 жаштагы тиши жок кемпирден айырмасы жок болот.»

Ак таңдай акын Аалы Туткучев да мындан бир нече күн мурун өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына баарына каршы добуш берерин жана коомчулукту да ошону колдоосуна чакырып кайрылуу жасаган. Бирок көп өтпөй ал постун өчүрүп койду.

«Бир партия жагып жатат, добушумду ага берип башкаларга да сунуш кылам. Аны шайласа азыркынын баары жоголуп, жаңы жүздөр депутат болмок. Ал “Баарына каршы” партиясы», — деп жазган төкмө акын.

Ошондой эле пикир менен ырчы Сыймык Бейшекеев да Инстаграм баракчасына «Баарына каршы» деген добушту келечекке кедергим тийбесин деген пикир менен колдоорун айтып чыкты.

Ал эми жарандык активисттерден «Беспредел KG» баракчасынын модератору Афтандил Жоробеков окурмандарды бардык партияга каршы турууга, аларга каршы добуш берүүгө үндөп келе жатат. Активисттин пикиринде, эгерде келе жаткан партиялардын баарына каршы болуу менен шайлоону жеңип чыкса, экинчи жолу өткөн шайлоодо жалаң таза партиялар катышат.

Против Всех 17 Баарына Каршы

Опубликовано Chyngyz Abdymomunov Пятница, 11 сентября 2020 г.

Андан сырткары, коомдук тармактарда «Баарына каршы» добуш берүүгө үндөгөн бир катар группа жана ураандар пайда болууда. Жакынкы күндөрү «Баарына каршы» добуш берүү элдик блогу пайда болду. Кыска убакыттын ичинде катышуучуларынын саны 1000ден ашты.

2015-жылкы парламенттик шайлоодон фактылар:

  1. КСДП 435 968 добуш же 26,81%
  2. «Республика-Ата Журт» 320 115 же 19,69%
  3. «Кыргызстан» 206 094 же 12,67%
  4. «Өнүгүү-Прогресс» 148 279 же 9,12%
  5. «Бир Бол» 135 875 же 8,36%
  6.  «Ата-Мекен» 123 055 же 7,57%

Баарына каршы 12 428 же 0,76%
Жараксыз бюллетендер 32 410 же 1,99%
Шайлоого келген шайлоочулар 1 630 125 же 100%
(Шайлоого келген шайлоочулардын саны 100% деп негиз алынат, болбосо ЖАЛПЫ ШАЙЛООЧУЛАРДЫН 43% эле келип берген.)

Ал кезде Кыргызстанда 3,8 млн. шайлоочу бар эле. Бул шайлоодо 4,3 млн.го жетери күтүлүүдө. Шайлоого чейин дагы көбөйүшү мүмкүн.
Бирок, шайлоого 1,8 — 2 млн. гана шайлоочу келиши мүмкүн деген божомолдор да бар.

Мисалы, Жогорку Кеңешке 4-6 партия өтсө, болжол менен 1 — 1,4 млн. шайлоочунун добушу менен келишет. Андан көп добуш алуу ыктымалдуулугу аз. Добуштар чачырайт. Анткени, патиялардын жана саясатчылардын рейтингдери түшүп кетти. Ошону эске алганда, жалпы шайлоочулардын эркинин 25-30% гана Жогорку Кеңешке чагылдырылган болот.

2010-жылы бул көрсөткүч 38%ды түзгөн болсо, 2015-жылы 34%га түшкөн.
Бул көрсөткүч ылдан жылга эле түшүп баратат бул көрсөткүч. Бул темп менен кетсе бийликтегилер «шайлоо өткөрбөй эле койбойлубу, өзүбүз каалагандай калчай берели» десе таң калбай койсок болчудай экен…

«Баарына каршы» добуш берүү. Кимге пайда?

  1. Жалпы шайлоого катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган партиянын добушунан «баарына каршы» добуш бергендердин саны көп болсо шайлоо өтпөй калды деп эсептелип БШК тарабынан кайра шайлоо дайындалат.
  2. Кайра шайлоодо азыркы катышып баарына каршы добуш алган партиялардын тизмесиндегилердин бирөө дагы жана лидери да катышууга укугу жок.
  3. Эми кээ бирөөлөр баарына каршы добуш бергенде эмне эмне өзгөрмөк эле дейт. Демейде тазаланышыбыз керек, люстрация кылышыбыз керек деп жалпы коомчулукта көпчүлүгү эле айтып келет, азыркы шайлоо люстрация кылууга, тазаланууга мыйзамдуу мүмкүнчүлүк болуп жатат. Баарына каршы добуш берип бир сыйра тазаланып алышыбыз керек. Ошол мезгилде бийлик кайра эле келе албайт дейсиңби кайра эле башка партиялар менен чыгат да деген суроо туулат, туура бийлик кайра эле башка партиялар менен, башка адамдар менен чыгат, бирок бийлик элге, шайлоочуларга болгон мамилесин толук өзгөртөт. Эл алданбай калыптыр, сатылбай калыптыр, керек болсо баарына каршы добуш берип коёт экен деген түшүнүк, аң сезим орнойт.
  4. Мен баарына каршы десем эле кээ бирөөлөр ойлоп жатат баардык партияларды эле жарабайт деп жатат деп. Жоок андай эмес, таза партиялар, эл үчүн иштейли деген ниети барлар деле бар, бирок тилекке каршы ал партиялар тийиштүү добуш ала албайт. Мен «Ата-Мекенди» колдоюн, дагы бири «Мекен Ынтымагын» колдосун, бирөө «Чоң Казатын» колдосун, бирөө «Реформа» деп жүрсө андан жыйынтык чыкпайт.
  5. Кырдаалды карап, анализ жүргүзүп анан колдошубуз керек колдой турган партияны. Биз бөлүнүп, чачырап ар кайсы партияны колдоп жүрүп тийиштүү добуш ала албайбыз, эң алдыңкы кыйын дегенибиз балким алса 5-10 мандат алышы мүмкүн. Максат 5-10 мандат алуу эмес да. Бөлүнүп чачырап ар ким өзүбүздүн партиябыз өтүп кетет дей берип бата алган партияларды гана өтүүсүнө шарт түзүп беребиз.

«Ошондуктан чыны менен өлкөнү ойлосок, эртеңки келечектин жарык болушун ойлосок, элдин жыргалчылыгын ойлосок жалпы жапа тырмак «баарына каршы» добуш берип бир сыйра тазаланалы. «Баарына каршы добуш берүү элдик блогуна» бириккиле!» деген пикирлер айтылып жатат.

Бирок мындай пикирди туура эмес деп эсептегендер дагы бар. Анткени бийликтин партияларына, анын жүргүзүп жаткан саясатына каршы пикирди билдирүү менен Жогорку Кеңешке аттанган партияларга каршы добуш берүүнү айкалыштырбаш керек. Мындай пикирди политолог, саясат таануучу Азим Азимов «Марал радиосуна» билдирген.

Анын айтымында, бийликтин партиялары добуш сатып алып, административдик ресурстарды колдонуп парламентке келишет. Ошондуктан, добушун саткандар сата берет, коркуп шайлагандар шайлай берет, ал эми   бийликтин саясатына каршы пикирдеги шайлоочулар «баарына каршы» добуш берип, татыксыз партиялардын Жогорку Кеңешке өтүүсүнө, алардын көп мандат алуусуна жол ачат.

 Баарына каршы добуш берүү менен жарандар бийликтин жана ага жакын болгон партиялардын парламентке көбүрөөк мандат менен келүүсүнө шарт түзөт. Анткени, «баарына каршы» дегенди көбүнчө бийликти колдобогон жарандар тандайт. Бийликке кандайдыр бир «сигнал» берүү үчүн баарына каршы добуш берип эмес, бийликчил партияларга эң аз добуш берүү менен жеткиришибиз керек, — дейт Азимов.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, «Баарына каршы» добуш берген жарандар көпчүлүктү түзүп, биринчи орунду алса, шайлоо жокко чыгарылат жана кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Бирок партиялардын кайрадан шайлоого катышуу укугу тууралуу мыйзамда так айтылган эмес.

Анткен менен, «баарына каршы» добушу жеңип чыккандан кийин катышкан партиялар кийинки шайлоого катышуусуна моралдык укугу жок болуп калат. Мындай пикирин Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматов билдирди:

Мыйзам боюнча бул тандоо шайлоочунун өзүнүн укугу. Эгерде «баарына каршы» биринчи орунду алып, жеңип чыкса, анда шайлоо башынан өтөт. Бирок ошондо ушул эле партиялар кайра эле катышабы, же жокпу бул чоң суроо. Бирок биринчисинен өтпөй калган партиялар экинчи жолу катышууга моралдык укугу жок, — дейт Абдрахматова.

Буга чейинки акыркы шайлоолорго көз чаптыра турган болсок, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 12 500 шайлоочу баарына каршы добуш берсе, 2017-жылкы президенттик шайлоодо 13 талапкердин ичинен 12 300 добуш менен 4-орунга чыккан.

Булак
Аzattyk.org"Марал" радиосу
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button