БийликКоомМыйзам жана укукПартиялар

Шайлоо-2020: Ар бир тогузунчу талапкер соттолгонбу?

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган 15 партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар президенттик кызматка жана Жогорку Кеңештин депутатты болуп шайланууга укугу жок.

БШКнын жыйынында талапкерлердин тизмесин каттоо маселеси каралып жатканда жумушчу топ тарабынан талапкерлердин соттолуп же соттолбогондугу текшерилгендиги айтылып, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген.

Жумушчу топ «Кыргызстан» жана «Чоң казат» партияларынын талапкерлери боюнча тиешелүү мекемелерден алган маалыматты жарыялаган жок.

Башка партиялар боюнча төмөнкүлөр аныкталды:

  • «Ата Мекен» партиясында 1 талапкер акталган. Дагы бирөө Жоруктар жөнүндө кодекс боюнча айыпталган (ал соттолду деп эсептелбейт).
  • «Бир Бол» партиясынын 1 талапкеринин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган. 1 талапкер соттолгон, ошондуктан ал тизмеден чыгарылды.
  • «Ордо» партиясынын соттолгон 1 талапкери да тизмеден чыгарылды.
  • «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 1 талапкери акталган. Дагы бирөө Жоруктар жөнүндө кодекс боюнча айыпталган (ал соттолду деп эсептелбейт).
  • «Биримдик» партиясындагы 6 талапкердин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган.
  • «Социал-демократтар» партиясындагы соттолгон 1 талапкер тизмеден чыгарылды.
  • «Республика» партиясындагы 1 талапкер акталган, 1 талапкердин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган.
  • «Ыйман нуру» партиясындагы 2 талапкердин үстүнөн козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган. Ал эми бир талапкер Жоруктар жөнүндө кодекс боюнча айыпталган (ал соттолду деп эсептелбейт).
  • «Мекенчил» партиясындагы 1 талапкердин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган. 1 талапкер соттолгон, ал тизмеден чыгарылды.
  • «Мекен Ынтымагы» партиясындагы 2 талапкердин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган. Соттолгон 1 талапкер тизмеден чыкты.
  • «Замандаш» партиясындагы 4 талапкер акталган.

Соттолгон талапкерлер БШК тарабынан тизмеден алынып же өз эрки менен тизмеден чыгышкан. БШК жалпы 1912 талапкерди каттады.

Партия Жалпы соттолгон эмес күчүн жоготкон % менен чечим жок
«Бир Бол» 109 85 22 20,2% 2
«Чоң Казат» 82 65 15 18,3% 2
«Мекенчил» 138 108 24 17,4% 5
«Мекеним Кыргызстан» 200 167 31 15,5% 2
«Социал-демократтар» 101 79 13 12,9% 11
«Ата Мекен» 150 130 18 12,0% 2
«Биримдик» 200 170 24 12,0% 6
«Ыйман Нуру» 102 86 12 11,8% 4
«Республика» 166 145 19 11,4% 2
«Мекен Ынтымагы» 150 129 17 11,3% 3
«Замандаш» 156 139 15 9,6% 1
«Ордо» 101 89 7 6,9% 4
«Афган согушунун ардагерлери жана согуштук жаңжалдардын катышуучуларынын партиясы» 78 73 5 6,4%
«Реформа» 85 79 3 3,5% 3
«Кыргызстан» 150 91 маалымат жок маалымат жок 5
Жалпы 1968 1635 225 11,43% 52

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт