Саясат

Сеид Атамбаев: “Мен саясатка жаңы кирген жокмун. Мен кайтып келдим”

Кыргызстандын экс-президентинин уулу Сеид Атамбаев саясатка кайтып жатат. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы Facebook баракчасына жазып чыкты.

Билдирүүсүндө ал саясатка 1993-жылдары келгендигин, кайсы партияда, кандай эмгектерди аткаргандыгын жазып чыккан.

“Мен саясатка жаңы кирген жокмун. Мен кайтып келдим. Тагыраагы, мени кайра келгенге аргасыз кылышты. Атамдын ордун толуктап турушум абзел ”, – дейт Сеид Атамбаев.  

Айтымында убагында КСДП партиясынын өздүк белгилерин ойлоп табышып, аймактарга агитациялык материалдарды, оппозициялык гезиттерди таркатып, уюштуруу иштерине катышып, саясий бирикменин алгачкы чогулуштарын өткөрүшкөн.

“Мен КСДПнын курамында эң күчтүү, акылман адамдар бар учурга күбөмүн. Алар алгач Акаевдин, кийин Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусун сындырууга аракет кылышкан”, – дейт саясатчы.

Сеид Атамбаев 11 жыл талыкпай эмгектенип, партияга өзүн толугу менен арнаганда гана 2004-жылы партбилетке ээ болгонун кошумчалаган.

Акыйкат үчүн күрөшүп, бирок башкаруу органдарынан ынгайлуу кызмат эч убакта эңсебегендигин дагы жазган.

“2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин мен партиядан кеткем. Анткени үй-бүлөлүк-кландык режим кулап, менин максатым аткарылган. Менин максатым элдин эсебинен же кызматтын аркасынан байып кетүү эмес болчу. Ошол себептен мен кеткем”, – дейт С. Атамбаев.  

Айтымында анын топтогон тажрыйбасы жетиштүү жана КСДП саясий партиясы менен саясатка аттанат.

Булак
"Апрель"
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button