Аналитика

Саясий режимдер тууралуу

СССР кулаган соң биздин өлкө туш болгон парламенттик кризис маалында эмнеге биз дагы деле кризистен чыга албай жатабыз деген суроо туулду. Эми минтип башыбызга эпидемия келди жана бул суроо кайра курчуду. Бул канчага чейин уланат? Менин оюмча көйгөй саясий режимдин эффективдүү эместигинен жана саясатчылар, жада калса айрым эксперттер саясий режимди башкаруу формасы менен чаташтырып алгандыгынан улам болууда.

Ошондуктан биз дайыма башкаруу формасын өзгөртүүгө аракет кылып келебиз (монархиядан башка бардык түрүн көрдүк), бирок эч кандай майнап чыкпай келет. Ал эми биздин ийгиликсиздигибиздин башаты башка жакта – саясий режимдин өзгөрбөй жатканында. Өлкөдө нааразычылыктар, революциялар, төңкөрүштөр, реформалар болуп келгени менен эч бири пайда алып келе элек, себеби саясий режим алмашкан жок. Саясий режимдин ичине башкаруу, жетекчилик, саясий бийликти жүзөгө ашыруучу каражаттардын жана усулдардын жыйындысы кирет.

Изилдөөчүлөр саясий дүйнөдө саясий режимдердин 140-160 түрү бар экенин жана алардын көбү бири-биринен өтө деле айырмаланбастыгын айтып келет. Биздин түшүнүктө саясий режимдин айрым идеологиялык жактарын алып салсак, бул президентке баш ийген бир нече миң адам. Алар анын достору, туугандары, бөтөлкөлөштөрү, кызматкерлери, коңшулары, шоопуру, үй кызматчысы, жан сакчысы жана алардын достору ж.б.у.с. Башкача айтканда, өз пайдасын издеп, жакындыгын бетке кармап бюджетти тоноп, өлкөнүн казынасына кол салгандар. Өз кызыкчылыгы үчүн өлкөнүн өнүгүүсүн ондогон жылдарга артка калтыргандар жана ал ишин дагы деле улантып жаткандар.

Биз эволюция жана деформациялар тууралуу ойлобой эле, Кыргызстан демократиялу өлкө деп кыйкырганга көнүп калганбыз. Албетте, бир караганда Азиядагы жана Африкадагы айрым режимдерге салыштырмалуу демократиялуу катары көрүнүшү мүмкүн. Бирок убакыттын өтүшү менен, көз карандысыздыкты алгандан бери бизде “демократура” орноду. Башкача айтканда, аралаш режимде, демократиянын сыртына түпөлдөш (шайлоо, көп партиялуулук, легалдуу оппозиция ж.б.) авторитардык режимде жашап жатабыз. Мындай режим Алжир, Мьянма, Таиланд, Зимбабве, Марокко, Россия, Беларусь, Казакстан, Никарагуа сыяктуу бир катар мамлекеттерде болгон.

“Демократуранын” өзгөчөлүктөрү саясий чечимдерди кабыл алуу процессинде жарандардын кызыкчылыгы эске алынбаганы, калктын саясатка аз катышкандыгы, саясий укуктар жана эркиндиктер кагазда эле жазылып, иш жүзүндө андай болбогону жана саясий институттарга жарандардын ишениминин төмөндүгү. Бул белгилер бизге болуп жаткан окуялардын чыныгы көрүнүшүн көрүүгө жол бербейт жана түшүнбөстүктүн жана үмүтсүздүктүн лабиринтинде акылыбызды адаштырат.

Элдин башы айланып эмне кыларын билбей калдыбы? Окуя болгондон кийин гана реакция кылган элитанын кебетеси деле ушундай. Бирок демократурадан үмүт жок, абал мышык ыйлагыдай деп айтууга болбойт. Ал менен Япония жана Сингапур жашап келет жана бул чоң үмүт берип келет. “Демократура” авторитаризмге да, демократияга да ыктап кетет. Ошондуктан айрым учурларда биз тээ тереңде калгандай, ал эми кээде калкып чыгарыбызга үмүт берет. Мамлекеттин бул же тигил жакка оошу парламенттик шайлоодо жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо чечилиши мүмкүн.

Ошондуктан шайлоого активдүү катышуу зарыл. Шайлоо өлкөнү төңкөрүшсүз жана толкундоолорсуз өзгөртүү үчүн берилген мүмкүнчүлүк. Муну бийликсиз жасоо мүмкүн эмес. Эгерде шайлоодо прогрессивдүү күчтөр утуп чыкса, тараза демократия тарапка ооп, саясий режим өзгөрөт. Күчтүү социалдык лифттер иштеп, чыныгы партиялар пайда болуп, таза шайлоо өтөт. Натыйжада саясатка жакшы иштеген адамдар, депутаттар, министрлер, аткаминерлер келишип, жетекчиликтен көз каранды болбой, өз милдеттерин татыктуу аткарышат. Парламентте жок дегенде 10-20 киши пайда болсо сиз өлкө кандай өзгөрөрүнө күбө болосуз.

Адам укугун чектеген, ири компаниялардын кызыкчылыктарын көздөгөн, бюрократияга жол ачкан, карапайым калктын жашоосун кыйындаткан Мыйзамдар кабыл алынбай калат. Мамлекетте акча пайда болот. Мугалимдердин, дарыгерлердин маяналары жана пенсия жогорулайт. Саясат гумандуу жана социалдык болуп калат. Кыргызстан криминалдык өлкө моделинен кетет. XXI кылымдын башында биздин өлкө бандиттер тобу менен башкарылып калган.

Өлкөдө баардыгы мыйзамдын негизинде эмес, жеке байланыштар жана формалдуу эмес сүйлөшүүлөр аркылуу түзүлүп калган. “Баарын башкарган пахандар” кеткенден кийин система пайдубалы жок калгандай болгону менен, алар түзүп кеткен кылмыштуулук идеология коомчулукта жашап келет. Аны алып жүргөндөр эркиндикке кайтып, андан соң бийликке келүүнү самап жүрүшөт.  Алар коомчулук нааразы болуп, өлкөнү эпидемия каптап турганда пландарын ишке ашырууну көксөөдө жана алар көздөгөн максаттарына жетип башташты. Бир күнү эртең менен ойгонсоңуз эле кайрадан тааныш жүздөр, курчалган чынжырлар болуп калышы толук мүмкүн.

Булак
elgezit.kg
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button