КоомТехнология

Саясатта фейк кантип колдонулат?

Фейктердин саясатка тийгизген таасирине мисал катары 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоону айтышат. Ошол жылы Оксфорд университетинин изилдөөчүлөрү ноябрь айынын алдыңкы тогуз күнүндө (шайлоо 8-ноябрда болгон) Твиттердеги фейктерге байкоо салышкан. Жыйынтыгында, Трампты колдогон чатботтор Клинтондукуна караганда беш эсе көптүгүн аныкташкан. Изилдөө жүргүзүлгөн тогуз күндө мындай компьютердик программалар жалпы 450 миң билдирүү жазууга жетишкен. Эң алсыз делген чатботтор күн сайын кеминде 50 твит жазып турушкан. Мындан улам, изилдөөчүлөр тыянак чыгарышкан – чатботтор шайлоо учурунда Твиттердеги жалпы трафиктин 18 пайызын ээлеген. 

«Кыргызстандагы президенттик шайлоодо фейк аккаунттар жанданган»

Factchek.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун айтымында, кыргыз саясатында да фейктер колдонулат – дезинформация, манипуляция, пропаганда жана бүтүндөй калп маалыматтар.

«Өзгөчө президенттик шайлоодо фейк аккаунттар жанданган. Мисалы, интернетте Ө.Бабанов менен С.Жээнбековго каршы иштеген аккаунттар байкалган. Дегеле, саясий чөйрөдө маалыматтын бурмаланышы ар дайым кездешет. Мындай учурда адамдар «шок» маалыматтарды жазган сайт, баракча жана аккаунттарга ээрчибеши керек. Кайсы бир саясатчыны мактаган же каралаган маалыматтарга толук ишенүүдөн кармануу зарыл», — дейт Темиров.

Адатта, саясаттагы калптар адамдарды кайсы бир маанилүү окуядан алаксытуу үчүн жасалат. Анын ичинде, атаандаштардын таасир талашуусуна, бири-биринин коомчулуктагы күчүн алсыздатууга кызмат кылат. Өзгөчө интернеттеги фейктер – саясий чөйрөдөгү негизги курал. Алар саясий күрөш учурунда болуп көрбөгөндөй күч алат.

ФЕЙК МААЛЫМАТТЫ ТАРАТУУЧУ КУРАЛДАР БУЛАР:

Чатбот (chatbot) – бир учурда көп билдирүү жаза алган компьютердик программа. Ал колдонуучулар менен чыныгы адамдай кат жазышып, жада калса #хештегдерге реакция кыла алат. Анын кызматы – кишини өз пикиринен адаштырып, талкуу жаратууга түртүү.

Фейк аккаунт – бул интернетте ойдон чыгарылган ысым менен катталган аккаунт. Башкача айтканда, анын артында өздүгү башка адам турушу мүмкүн.

Бирок, азыркы учурдагы фейк аккаунттар шек алдырбоонун аракетинде. Ысым, фамилияны ынанымдуу жазып, интернеттен өз өлкөсүндөгүлөргө түспөлдөш адамдардын сүрөтүн колдонуп калышты. Көңүл бурчу жагдай – фейк аккаунттар саясий өзгөрүүгө (шайлоого) жакын же кайсы бир аткаминердин беделин сактап калууга муктаждык жаралганда (коррупциялык иштерде) активдеше баштайт.

Бот – бул робот программа. Ал фейк аккаунттарды башкарууга, билдирүү таратууга ылайыкташтырылган. Боттор кадимки тирүү адамдай реакция кылат: «жактыны» (лайк) басат, башкаларга катталып, алардын билдирүүлөрүн бөлүшөт. Ошондой эле, посттордун түбүнө алдын ала даярдалган комментарийлерди калтырууга жөндөмдүү.

Дипфейк (deepfake) – саясаттагы адаштыруучу калптардын дагы бири. Дипфейк – түрдүү кыймыл-аракеттеги сүрөттөрдөн кураштырылган видео (же көрүнүш). Муну көбүнчө интернетте фотосу көп адамга карата жасашат – анын ар кандай кыймыл жасагандагы сүрөттөрү арбын да. Дипфейк жасалма интеллекттин негизинде жасалат. Натыйжада, видеодогу адамдын оозу кадимкидей кыймылдап, өз үнү менен сүйлөп жаткандай сезилет. Мындай жол менен саясатчыга кайсы бир теманы талкуулатып коюу толук мүмкүн.

Ошентип, жогорудагыдай ыкмалардын жардамы менен саясий күчтөрдүн маалыматтары интернетке түз жана кыйыр түрдө тарай баштайт. Айрым учурда фейктер аткаминерге калыс баа бергендей көрүнүү үчүн токтоо жазышат. Кээде алардын билдирүүлөрү экинчи бир саясатчынын беделине шек келтирип, негативдүүлүгү менен чагым да жаратышы мүмкүн.

Мисалы,

« … (саясатчынын ысымы) спецназды өлтүрдү. Дүйнөдө биринчи жолу экс-президент террористке айланды»

Ошондой эле, белгилүү бир саясий топтун маалыматтарын бир тараптуу чагылдырган сайттар жанданат. Даярдалган материалдарды байма-бай жарыялап турган баракча, группалар иштей баштайт. Жыйынтыгында, фейктер саясатчынын айланасында коомдук пикир жаратууга жетишет. Ал эми башкаларга аталган аткаминерди коомчулуктун көп бөлүгү колдоп (же жектеп) жаткандай сезилет.

Кеңешибиз: Саясаттагы калптарга алданбоо үчүн атаандаштарга бейтарап болгонго аракеттенүү туура. Бул ыкма кайсы бир саясий күчтүн таасирине баш ийип, ээрчип кетүүдөн алда канча артык. Андыктан, бардык саясатчыга бирдей аянтча болуп бериңиз – окуңуз, угуңуз, байкаңыз. Бирок, тараптардын бирин моралдык жактан колдоодон кармана туруңуз. Сынчыл ой-жүгүртүүңүздү жандантыңыз: «бул фейк болсочу» деп, алардын жазган билдирүүлөрүн бөлүшпөгөнгө, талкууларына аралашпаганга аракеттениңиз.

Албетте, социалдык желелер сизди жагымсыз нерседен сактоого аракет кылат – фейк аккаунтка, баракча, группа жана комментарийлерге арыздануу (пожаловаться) мүмкүнчүлүгүн колдонсоңуз болот. Арыздануунун жыйынтыгы менен сизге жок дегенде фейк баракчалардын маалыматтары көрүнбөй калат.

 Фейктердин саясатка тийгизген таасири менен социалдык тармактар өздөрү да күрөшүп жатат. Мисалы, Твиттер саясатчылардын калп маалыматтарды таратышына бөгөт коюуну пландоодо. Ага ылайык, фейк жазган аткаминердин ошол твитинин жанына сары түстө «бул зыяндуу дезинформация» деп жазылып калат. Жыйынтыгында, билдирүү башкаларга көрүнбөй, окулуу деңгээли төмөндөйт.

Твиттер муну атайын тандалган фактчекер жана журналисттерге Википедиядагыдай укук берип ишке ашырмакчы. Аталган интернет желеси фейк менен күрөшүүдө түрдүү ыкмаларды колдонууга даяр. Анткени алардын пикири боюнча, саясий дезинформация – кооптуу көйгөй.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт