БийликПартияларСаясат
Маанилүү

Саясатчы Адахан Мадумаров: “Кечээ КСДП деп кыйкырып жүргөндөр бүгүн “Биримдик” деп кыйкырып жатышат”

Быйыл Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктайт. Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. Азыртадан баштап партиялар иштерин жандандырууда. Коомчулукта дагы партиялардын тизмелери, кайсы саясатчы кайсы партия менен парламенттик шайлоого аттанары талкууланууда.

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышындагы партиялардын кайсынысы кийинки чакырылышка шайланып келүүгө моралдык укугу бар?

Саясатчы Адахан Мадумаров азыркы Жогорку Кеңештеги партиялардын бирөөсү да өтпөй турганын айтты.

“Азыркы Жогорку Кеңештеги партиялардын бирөөсү да парламенттик шайлоодон өтпөйт. Ошон үчүн КСДП деп кыйкырып жүргөндөрдүн бардыгы бүгүн “Биримдик” деп кыйкырып жатышат. Мындайча айтканда, кийимдерин алмаштырышат. Андан кийин жаңы жүздөр болуп, жаңы бет кап кийип келишет. “Партиянын лидеримин” деген азаматтар бүгүн көрүнгөндүн эшигин каккылап, “мени тизмеге киргизип койгула” деп жүрүшөт”, – дейт Мадумаров.

Булак
Super.kg
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button