БийликСаясат
Маанилүү

Саясат талдоочу Айданбек Акматов ИИМге сурак берип чыкты

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Ички иштер министрлигине сурак берип чыкты.

Маалыматка ылайык, Акматов 11-августта Ички иштер министрлигине ua.kg сайтына жарыялан  «Олигархат же үч баштуу ажыдаар» деген посту үчүн ИИМге күбө катары сурак берип чыкканын бүгүн, 12-августта Govori.TVга ырастады.

Акматов ИИМге суракка чакырылышын саясий көз карашы менен байланыштырды.

“Менин жазган постум ua.kg деген сайтка жарыяланыптыр. Ошол сайтка чыккан материалдын негизинде сотко чейинки териштирүү жүрүп жаткан экен. Бул менин саясий аракетиме байланыштуу кысым-басым деп эсептейм. Кыргызстанда Конституция боюнча адамдар өз оюн ачык билдирүүгө укуктуу” – деди Акматов

Олигархия же үч баштуу ажыдаар

Белгилей кетсек, Айданбек Акматов 22-июнда социалдык тармактагы баракчасына “2010-2015-жылдары олигархтар партия түзүп, мамлекеттик саясатка аралашып, мамлекеттин ресурстарын талап-тоноого активдүү киришкенин” жазган болчу.

Булак
Govori.TV
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button