
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Чолпонбаев Космосбек Сариевич кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык Чолпонбаев Космосбек Сариевич кызматынан бошотулду », — деп айтылат маалыматта.