КоомМаданият
Маанилүү

Саламат Садыкова: Аферисттердин, карандай калптын кара суусун кайнатып жаткандар токтоткула, Кудайдан корксоңор боло

Эки күндөн бери үн чыкпайын десем, токтолчудай эмес, Кудайдан жөө качкан кудайсыздар, инстаграм, мессенджерден, вотсаптан: ушул ыраспы, чынбы деген суроо сопкутун жөнөтүп тынчымды бузуп, карандай калптын соцтармактарда, менин сүрөттөрүмдү, атымды пайдаланып,көптүн башын айлантып, азгырып жатканын токтобой кабарлап жатышат. Жыландай жылма,кыларга иши жок кыянатчыл караөзгөйлөрдүн көбөйгөнү өкүндүрөт…

Кадырлуу мекендештер, урматтуу улуу кичүү, акыл эстүү коомчулук сиздерге кайрыламын,менин атымдан кайдагы бир мага бейтааныш дары дармектерди кадыресе интервью материалдарын жасалма фейктер таратып жатыптыр. Карандай калп..Ишенбеңиздер мен эч качан кайсыл бир таблетка же БАДЫ дары-дармектерди колдонуп да көрбөдүм. Өздүк барактарымдан деле эч качан андай далилсиз алдамчы продукцияны күнүмдүк оокат үчүн жарнама кылган жокмун. Мен үчүн бул жанкечтилердин жосунсуз жоруктары акылга сыйбаган көрүнүш…

Мындай кара беттерди ким тыят, мыйзам иштесе ушундай адамдын атына, затына, кадырына каалагандай желеде желпилдеген желмаяндардын да жүрүм-турумдарына чек коюлса деймин.. Аферисттердин, карандай калптын кара суусун кайнатып жаткандар токтоткула, Кудайдан корксоңор боло..

Саламат Садыкова

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт