КоомОкуялар

Садыр Жапаровго мунапысты колдонууда мыйзам бузулуп жатабы?

Мурдагы депутат Садыр Жапаровду коргоо боюнча кыймыл жана коомдук фонд түзүлдү. Алар Жапаровго мунапыс берүү, жатак абакка чыгаруу боюнча мыйзам аткарылбай жатканын айтып, мындан ары Жапаровдун бошотулушун талап кылышмакчы.

Жапаровдун тарапкерлеринин айтымында, мындан сырткары президенттен ырайым суроодо тоскоолдуктар бар.

“Жапаровду коргоо элдик кыймылы президентибизди расмий таануу менен бирге Жапаровдун тагдырына өбөлгө түзө турган ушул мыйзамдуу үч жолдун бирин тандап берүү маселесин коюп жатабыз” , – деди кыймылдын башчысы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев.

Мунапысты ким берет?

Садыр Жапаров жасалма күбөлөр аркылуу жана далилсиз соттолгон деп эсептеген бир тууганы Дөөлөтбек Жапаров президентке кайрылды:

“Урматтуу президент, сиз эгер соттор мыйзам бузса мен өзүм кийлигишем деп айттыңыз эле. Макул, мурунку бийликтин убагында камалып кетти. Биз эми башкаларга колдонулган мунапысты эле Садыр Жапаровго да колдонууну суранып жатабыз. Ал үчүн сотко кайрылдык. Биринчи да, экинчи да инстанция четке какты. Жогорку Сот 2018-жылы 12-ноябрда мунапысты атайын прокуратура аркылуу Жаза аткаруу кызматы колдонот деген чечим чыгарды”.

Д.Жапаровдун айтымында, атайын прокуратура болсо мунапысты сот чечет деген. Башкы прокуратура болсо билдирүү таратып, Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жазасын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбой турганын айтты.

Жапаровдун тарапташтары мыйзамдын карама-каршылыгы тууралуу Жогорку Кеңешке кайрылышкан. Бирок Жогорку Кеңештен алардын мыйзамды чечмелөө укугу Конституциядан алынып калган деп ооз эки жооп беришкен. Жазуу түрүндө жооп берүүгө кошмча он төрт күн сурашкан.

Жапаров кармалган күн, 2017-жыл 25-март
Садыр Жапаров кармалган күн, 2017-жыл 25-март

“Ошентип бул жерде мунапыс алуу боюнча эрежелер бири бирине карама-каршы келип жатат. Ал учурда Садыр Жапаров түрмөдө отурат, анын укугу бузулуп жатат. Мунапыс алуу аркылуу 20 жылга кесилгендер да чыгып жатат”, – деди Д.Жапаров.

Анын эсебинде мунапысты берчү орган чечилсе, Садыр Жапаров шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулмак.

Ары-бери созулган мыйзам

Дөөлөтбек Жапаровдо Жаза аткаруу кызматынын Садыр Жапаров жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин өтөп бүткөндүктөн 2020-жылдын 5-февралында жатак абагына чыгат деген маалым каты бар.

Бул документти Жаза аткаруу кызматы жокко чыгарып жатат.

“Буга чейин №1 абактын маалым катын Садыр Жапаровдун адвокаты да жарыялаган. Бирок маалым катты берээрден мурда анын мөөнөтүн туура эмес эсептеп коюшкан. Жаза кодексинин 43-беренесине ылайык, Садыр Жапаров уюштуруучу катары эсептелгендиктен жатак абакка которууга жол берилбейт экен”, – деди Би-Би-Сиге Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Самат Калыгулов.

Жапаровдун тарапташтары жатак абакка которууну Жаза аткаруу кызматы эмес, ага караган комиссия чечерин, бул жерде да мыйзам бузулуп жатканын белгилешет.

Ал эми президенттен ырайым сураган кайрылууну кимдир бирөөлөр мамлекет башчыга жеткирбей турат дешет Жапаровдун жакындары.

Дөөлөтбек Жапаров Садыр Жапаров негизи акталыш керек деп эсептейт
Дөөлөтбек Жапаров Садыр Жапаров негизи акталыш керек деп эсептейт

Садыр Жапаров президенттен 2019-жылы октябрда үй-бүлөсүндөгү абалына байланыштуу ырайым сураган. Жапаров түрмөдө отурган учурда ата-энеси жана баласы каза болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-декабрда бул боюнча журналисттин суроосуна жооп берген.

“Мен кызматка келгенде көп саясатчылар түрмөдө болчу. Алардын тарапкерлери, көп саясатчылар чыгаруу боюнча мага тынбай маселе коюп жатышты. Сот бийлиги өзү чечим чыгарып жатты. Кээ бири соттун чечиминин негизинде чыкты. Садыр Жапаров боюнча сотко сен мындай кыл деп айтсам, туура эмес болот”, – деген эле президент.

Жапаровдун тарапташтары мунапыс, жатак абагына чыгаруу боюнча мыйзамдуу аракеттер иштебей жатса, азыр актоодон үмүт кылбайбыз дешет.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 2017-жылы августта 11 жыл 6 айга камалган. Бул чечимди бардык инстанциялар күчүндө калтырган.

Ал 2013-жылы Ысык-Көлдөгү башаламандык коштогон митингди уюштурууга айыпталган. Ал “барымтага алуу” беренеси менен соттолгон.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button