Саясат
Маанилүү

Садыр Жапаровго каршы өтүп жаткан митингде чуу чыкты

Бүгүн, 7-октябрда Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун өкмөт башчы болушуна каршы митинг болуп жатат. Ага «Реформа» саясий партиясынын өкүлдөрү, «Баштан башта» кыймылынын мүчөлөрү баштаган бир нече саясий топ катышууда. Келип сөз сүйлөгүсү келген саясатчылардан “Атам Мекен” партиясынын өкүлдөрү Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиева, “Мекен Ынтымагынын” лидери Темирбек Асанбеков жана “Чоң Казаттын” лидерлери келип сөз сүйлөөгө аракет кылышты. Бирок аларга сөз бербей коюшту.

Митингде сөз сүйлөгөндөр «Мурдагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү өкмөт башчылыкка эмес, таза, адилет, ачык-айкын иштей турган жаш лидерлер келсин» деп талап кылышууда.

Активист Улан Үсөйүн чогулгандарга модераторлук кылып жатат.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button