АналитикаСаясат
Маанилүү

Садыр Жапаровдун штабындагы тыңшоочу жабдыктар коомчулукка кагылган коңгурообу?

17-февраль күнү кечинде абактагы cаясатчы Садыр Жапаровду колдоо штабынан тыңшоочу аппарат табылган. Бул тууралуу саясатчынын жакындары бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына билдиришкен.

Алардын айткандарына караганда, тыңшоочу аппаратка окшош түзүлүштү таап алышып, милицияга кабарлашкан. Бул боюнча Бишкектин Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери иш алып барышууда.

Бул окуяга байланыштуу Садыр Жапаровдун Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов соттун чечими жок кимдир бирөөнүн сүйлөшкөн сөздөрүн жаздырып алуу мыйзамсыз экенин айтып, жабдууну орноткон адамды кылмыш жообуна тартууну талап кылды:

“Бирөөнүн сүйлөшкөн сөздөрүн мыйзамсыз түрдө жаздырып алууга эч кимдин укугу жок. Керек болсо УКМКга да андай укук берилген эмес. Эгер мыйзамсыз жаздырып алган болсо дагы ал далил болуп эсептелинбейт”, – деди жактоочу.

Окуя болгон жерге Бишкектин Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери келип, тыңшоочу аппарат экенин ырасташкан. Ал эми штаб мүчөлөрү тыңшоочу жабдыктарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет орноткон болушу мүмкүн деп шек санашууда. Азырынча бул боюнча УКМК комментарий бере элек. Болуп жаткан акыркы кырдаалды эске алуу менен бирге биз да бул суроого жооп издеп көрдүк.

Тыңшоочу жабдыктарды ким койгон?

Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун штабында тыңшоочу аппараттын табылганына боюнча штаб мүчөлөрү  тыңшоочу жабдыктарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет орноткон болушу мүмкүн деп шек санашууда. Бирок бул боюнча УКМК комментарий бербей жаткандыгы да көп суроолорду пайда кылууда.

Тыңшочу аппараттарды ким койгон болушу мүмкүн деген суроого 2 түрдүү жооп:

1. Садыр Жапаровдун тарапташтары

Бул тыңшоочу аппараттарды Садыр Жапаровдун тарапташтары койгон болушу мүмкүн. Аны коюу менен коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу же аларга жана алар колдоп жаткан саясатчыга кысым болуп жатканын, катуу көзөмөлгө алынып, коопсуздук органдары тарабынан аңдылып жатканын элге жеткирүүнү максат кылган болушу мүмкүн. Анткени алар 2-март күнү митинг өткөрүүнү пландап жатышат. Бул окуялар митингдин алдында болуп жаткандыгы  жана да алардын бул аппараттарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети орноткон болушу мүмкүн деп жар салганы ушул ойго түртөт. Эгер коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн болсо, анда абакта жаткан саясатчылардан бир эле Садыр Жапаров актуалдуу болуп турат. Бул дегени анын коомчулуктун көңүлүн бурудурууга муктаждыгы жок. Тарапташтары да мындай ишке бармак эмес. Демек, бул вариант туура болушу күмөн.

2. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети орноткон болушу мүмкүн. Бирок Жапаровдун тарапташтарын тыңшоо үчүн эмес. Анткени улуттун коопсуздугуна коркунуч келтире турган кадамдардын алдын алуу үчүн мындай эскиче ыкмаларды колдонуп, мындай олуттуу каталарды кетирмек эмес. Эгер чын эле УКМК орноткон болсо, демек, булар муну койгонунун себеби башкада. Алар Садыр Жапаровдун тарапташтарына силер биздин көзөмөлүбүздө турасыңар деген эскертүүнү бергиси келгендей. Ошол эле учурда башка саясатчыларга Садыр Жапаровго жакындашпагыла деген кооптуу коңгуроону кагып жаткан болушу мүмкүн. Муну менен алар, бул саясатчы биздин көзөмөлүбүздө жана силер да биздин көзөмөлгө түшүп калбагыла деген белги. Муну саясатта жүргөн, тажрыйбасы бар адамдар жакшы түшүнсө керек.

Эске салсак, Садыр Жапаров “Бийлик өкүлүн барымтага алуу” беренеси боюнча айыпталып, Биринчи Май райондук соту он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка калтыруу чечимин чыгарган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Садыр Жапаровдун жаза өтөө мөөнөтүн мунапыска байланыштуу кыскартуу боюнча өтүнүчүн Аламүдүн райондук сотуна жөнөткөн. Бирок соттук коллегия өтүнүчтү канаатандырган эмес.

 

КоронаLIVE
  • USA 1,965,912
    USA
    Жуктургандар: 1,965,912
    Ооруп жаткандар: 1,115,789
    Айыккандар: 738,729
    Каза тапкандар: 111,394
  • Brazil 646,006
    Brazil
    Жуктургандар: 646,006
    Ооруп жаткандар: 308,875
    Айыккандар: 302,084
    Каза тапкандар: 35,047
  • Russia 458,689
    Russia
    Жуктургандар: 458,689
    Ооруп жаткандар: 231,576
    Айыккандар: 221,388
    Каза тапкандар: 5,725
  • Spain 288,058
    Spain
    Жуктургандар: 288,058
    Ооруп жаткандар: 260,924
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 27,134
  • UK 283,311
    UK
    Жуктургандар: 283,311
    Ооруп жаткандар: 243,050
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 40,261
  • India 236,657
    India
    Жуктургандар: 236,657
    Ооруп жаткандар: 115,942
    Айыккандар: 114,073
    Каза тапкандар: 6,642
  • Italy 234,531
    Italy
    Жуктургандар: 234,531
    Ооруп жаткандар: 36,976
    Айыккандар: 163,781
    Каза тапкандар: 33,774
  • Peru 187,400
    Peru
    Жуктургандар: 187,400
    Ооруп жаткандар: 103,024
    Айыккандар: 79,214
    Каза тапкандар: 5,162
  • Germany 185,414
    Germany
    Жуктургандар: 185,414
    Ооруп жаткандар: 7,751
    Айыккандар: 168,900
    Каза тапкандар: 8,763
  • Iran 169,425
    Iran
    Жуктургандар: 169,425
    Ооруп жаткандар: 29,178
    Айыккандар: 132,038
    Каза тапкандар: 8,209
  • Turkey 168,340
    Turkey
    Жуктургандар: 168,340
    Ооруп жаткандар: 30,292
    Айыккандар: 133,400
    Каза тапкандар: 4,648
  • France 153,055
    France
    Жуктургандар: 153,055
    Ооруп жаткандар: 53,440
    Айыккандар: 70,504
    Каза тапкандар: 29,111
  • Chile 122,499
    Chile
    Жуктургандар: 122,499
    Ооруп жаткандар: 25,420
    Айыккандар: 95,631
    Каза тапкандар: 1,448
  • Saudi Arabia 95,748
    Saudi Arabia
    Жуктургандар: 95,748
    Ооруп жаткандар: 24,490
    Айыккандар: 70,616
    Каза тапкандар: 642
  • China 83,030
    China
    Жуктургандар: 83,030
    Ооруп жаткандар: 67
    Айыккандар: 78,329
    Каза тапкандар: 4,634
  • Afghanistan 19,551
    Afghanistan
    Жуктургандар: 19,551
    Ооруп жаткандар: 17,411
    Айыккандар: 1,820
    Каза тапкандар: 320
  • Kazakhstan 12,511
    Kazakhstan
    Жуктургандар: 12,511
    Ооруп жаткандар: 5,556
    Айыккандар: 6,903
    Каза тапкандар: 52
  • Tajikistan 4,370
    Tajikistan
    Жуктургандар: 4,370
    Ооруп жаткандар: 1,831
    Айыккандар: 2,491
    Каза тапкандар: 48
  • Uzbekistan 4,022
    Uzbekistan
    Жуктургандар: 4,022
    Ооруп жаткандар: 759
    Айыккандар: 3,247
    Каза тапкандар: 16
  • Kyrgyzstan 1,974
    Kyrgyzstan
    Жуктургандар: 1,974
    Ооруп жаткандар: 592
    Айыккандар: 1,360
    Каза тапкандар: 22
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
КоронаLIVE
Close
Close