Аналитика
Маанилүү

Садыр Жапаровду жандаган, кытай агенти аталган Жунус уулу Адыл деген ким?

Бул тууралуу президенттикке талапкер Канат Исаев 6-январдагы теледебатта айтты. Көпчүлүк интернеттен талапкерлердин бири Кытайдын агенти деген видеотасманы көрүшкөнүн, андан тышкары Замандаш партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов көптөгөн фактыларды айтып бергенин билдирди.

«Ал өзүнүн атасын Кытайга көмгөн, ал эми бүгүн негизги талапкерлердин бири (Садыр Жапаров) Кара-Сууда жүргөндө «Адыл менин досум» деп айтты. УКМКнын кызматкерлери мага ал «Кытайга иштейт» деп ачык айтып жатышат, эгер ал ушундай адамдар менен дос болсо, анда Ал Кыргызстанды кантип башкарат, ошондуктан мен мамлекеттик комиссия түзүү керек деп мурда айткан элем. Анын артында Кытай фирмалары турат. Анын жубайы интервьюсунда атасы Кытайда губернатор болгон, Коммунисттик партиянын мүчөсү, туугандары баары Кытайда, анан кантип алар үчүн иштебейт деп айта алабыз?»

https://www.instagram.com/tv/CJtkd7fnIQH/?utm_source=ig_embed

Адыл Жунус уулу 1963-жылы 15-майда Гүлжа шаарында (Кытай) туулган. «Республика — Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты.

Билими:

  • 1987 — Синьцзян университетинин география факультетин аяктаган;
  • 1994 — Бишкек гуманитардык университетинин тил борборун аяктаган.
  • 1987-1991 — Кытай Илимдер Академиясынын География жана Экология институтунун окутуучусу;
  • 1993-1994 — Тилдер жана Гуманитардык Институттун (азыркы БГУ) кытай тили мугалими;
  • 1994 — «Кыргызспортобеспечение» республикалык администрациясынын спорттук делегацияларынын котормочусу;
  • 1995-2015 — жеке ишкерлик менен алектенген.
  • 2015-жылдан бери Республика-Ата Журт партиясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты.
  • Кытайда туулуп, өскөн. Ал 1991-жылдан бери Кыргызстанда жашап, 2001-жылы жарандык алган.
  • Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Акыркы маалыматтар боюнча анын аялынын атасы Кытай Коммунисттер партиясынын өкүлү, губернатор болуп иштеген.

Журналисттер бул адам байлыктарын декларациядан жашырганын изилдеп чыгышкан. Анын байлыктары:

  1. Аянты 66м2 болгон батир
  2. Аянты 0,5 га болгон айыл чарба багытындагы эмес жерлер
  3. Аянты 39м2 болгон үй
  4. Аянты 1,9 га болгон айыл чарба багытындагы эмес жерлер
  5. Аянты 0,2 га болгон айыл чарба багытындагы эмес жер аянты
  6. 70м2 үй
  7. 761м2 үй
  8. Аянты 2627м2 болгон башка туруктуу имараттар жана курулуштар

https://www.facebook.com/moldokmatovjenish/posts/1125646184553261

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2795865437353337&id=100007897244992

Булак
Like.kg
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт