Окуялар

Садыр Жапаровду колдоп митингге чыккандарды милиция кызматкерлери кармай баштады

Бүгүн, 2-мартта “Ала-Тоо” аянтында өткөн абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингдин катышуучуларын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күчтөп таратып жатат.

Айрым катышуучуларды милиция кызматкерлери кармап кетип жатышканын аянтта жүргөн кабарчыбыз билдирди.

Саат 18:20га карата күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Ак Үйдү курчоого алган. Андан ары митингдин катышуучуларын аянттан сүрүп чыгаруу аракеттери көрүлүп, суу аткыч менен аткылап, көздөн жаш чыгаруучу каражаттар колдонулуп жатат. Митингдин катышуучулары туш тарапка качууга киришти.

Булак
SUPER.KG
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button