ПрезидентСаясат

Садыр Жапаровду алгачкы болуп Түркмөнстандын президенти куттуктады

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов куттуктоосунун тексти:

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Түркмөнстан менен Кыргызстанды кылымдарды карыткан достук, бир туугандык жана жакшы коңшулук мамилелер байланыштырып турат. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түзүлгөн жогорку деңгээлдеги ишеним жана өз ара түшүнүшүү эки тараптуу кызматташууну конструктивдүү өнүктүрүүгө бекем негиз боло алат.

Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттерибиз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Биз эки тараптуу мамилелерибизди жаңы жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярбыз.

Буга байланыштуу, түркмөн-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенимди билдирүү менен Сизге ыңгайлуу болгон убакта Түркмөнстанга келип кетүүгө чакырамын.

Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана мамлекет башчысы катары жооптуу ишиңизде ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалаймын», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.twitter sharing button

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель, Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга жана Татарстан президенти Рустам Минниханов Садыр Жапаровду президенттик кызматка шайланышы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Ангела Меркелдин куттуктоосунун тексти: 

«Биздин өлкөлөрдү көп жылдан бери эле достук мамилелер байланыштырып келет. Биз ал алакаларды улантууну жана тереңдетүүнү каалайбыз. Германия келечекте да Сиздин өлкөнү колдоого, атап айтканда, экономикалык өнүктүрүү жана укуктук мамлекетти бекемдөөгө багытталган реформалар жаатында колдоого алат. Сизге күч-кубат, ден соолук жана Сиздин алдыңызда турган жооптуу милдеттердин жеңил чечилишин каалайм», — деп айтылат Ангела Меркелдин куттуктоо телеграммасында.

Япониянын премьер-министринин куттуктоо текстинде төмөнкүдөй деп айтылат: 

«Сиз менен биргеликте Япония жана Кыргыз Республикасынын ортосунда 1992-жылы түзүлгөн дипломатиялык мамилелерди, узак мезгилден бери уланып келаткан эки мамлекеттин ортосундагы достук жана жакшы алакабызды мындан ары дагы өркүндөтүү боюнча иш алып барабыз деген үмүтүмдү билдиргим келет. Мындан сырткары, Япония Кыргызстан менен, анын ичинде „Борбордук Азия + Япония“ диалогунун алкагында тыгыз кызматташып, аны менен Борбор Азия регионунун туруктуулугуна жана өнүгүшүнө салым кошууну улантууга ниеттенүүдө», — деп белгиленет куттуктоодо.

Ёсихидэ Суга Садыр Жапаровго бекем ден-соолук, ишине ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык каалады.

Ал эми Татарстан президентинин куттуктоо телеграммасында: 

«Жооптуу кызматыңызга жигердүү жана жемиштүү ишмердүүлүк, Кыргыз мамлекетин бекемдөөгө жана ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган бардык иш-аракеттериңизге ийгиликтерди каалайм. Элдин сизге көрсөткөн колдоосу дем берип, алдыга белгиленген бардык максаттарга жетишүү үчүн күч-кубат болсун. Сизге чың ден соолук, оптимизм жана ак жол. Россия-кыргыз мамилелеринин алкагында Татарстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тарапка тең пайдалуу байланыштар кеңейет деп үмүт артам», — деп айтылат Рустам Миннихановдун куттуктоо телеграммасында.

Корея Республикасынын президенти Мун Чжэ Индин куттуктоосу:

Корея Республикасынын президенти Мун Чжэ Ин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасы 1992-жылы дипломатиялык байланыштар түзүлгөндөн бери достук мамилелерди өнүктүрүп келишүүдө. Анын ичинде 2019-жылдын июль айындагы Түштүк Корея Премьер-министри Ли Нак Ёндун расмий иш сапары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө болду.

Өткөн жылдагы COVID-19га байланыштуу түзүлгөн оор кырдаалга карабастан, Түштүк Корея менен Кыргызстан пандемия менен күрөшүүгө биргелешип күч-аракет жумшашкандыгын жогору баалайм. Мындан ары дагы тыгыз кызматташабыз деп ишенем.

Сизге чың ден соолук, бакубатчылык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чексиз өнүгүүсүн каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Словакия Республикасынын президенти Зузана Чапутова куттуктоо телеграммасында: 

«Словакия Республикасынын жарандарынын жана өзүмдүн атымдан Сизди Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Жооптуу жана маанилүү миссияңызды аткарууда Сизге чыгармачылык күч-кубат жана ийгиликтерди каалаймын.

Учурдан пайдаланып, салттуу словак-кыргыз мамилелерине мен жогору баа бергим келет. Мындан ары да биздин өлкөлөрдүн ортосундагы жигердүү кызматташтык өнүгүп жана тереңдей берет деп ишенемин.

Сиздин жооптуу ишиңизге, айрыкча глобалдык пандемияга жана уланып жаткан климаттык кризиске каршы күрөшүүдөгү оор мезгилде ийгилик, бакыт жана чың ден-соолук каалаймын. Эл аралык кызматташтыгыбыз жана биримдигибиз бизге бул оор мезгилди жеңүүгө жардам берет деген ишеничтемин», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт