БийликӨкмөт

Садыр Жапаров президенттин ыйгарым укуктарын Канат Исаевден алганын айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты. Бул маалыматты Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда кечинде митингдеги тарапташтарына билдирди.

Эртең, 16-октябрда парламенттин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, президенттин кызматтан кетишин кабыл алат. Конституцияга ылайык, өлкө башчысы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, Жогорку Кеңештин төрагасы жаңысы шайланганга чейин президенттин милдетин аткарышы керек.

Аянттагы митингчилер президенттин милдетин аткарган спикер Канат Исаевдин кызматтан кетишин талап кылышкан.

Буга чейин Канат Исаев журналисттердин “Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу кызматынан кетесизби же жокпу?”деген суроосуна жооп кайтарган эмес. Бирок ал VI чакырылыштын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу бул кызматты ээлөөгө моралдык укугу жок экенин баса белгиледи.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button