БийликКоомӨкмөт

Садыр Жапаров отурган абакта абал тынч

Саясатчы Садыр Жапаров отурган абакта абал тынч. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 2-мартта “Ала-Тоо” аянтында өткөн абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүп, айрым катышуучулар “Садыр Жапаров отурган абакка барып, бошотуп келебиз” деген чакырык жасашкан.

Саат 18:20га карата күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Ак Үйдү курчоого алган. Андан ары митингдин катышуучуларын аянттан сүрүп чыгаруу аракеттери көрүлүп, суу аткыч менен аткылап, көздөн жаш чыгаруучу каражаттар колдонулуп жатат. Митингдин катышуучулары туш тарапка качууга киришти. Учурда митингге чыккандарды күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күчтөп таратып жатат.

Азыркы тапта Садыр Жапаров Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 колонияда жазасын өтөп жатат.

Булак
SUPER.KG
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button