БийликӨкмөтПрезидент

Садыр Жапаров милиция кызматкерлерин куттуктады

Жапаров милиция кызматкерлерине бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана өтөп жаткан кызматына ийгилик каалаган.

Милиция кызматкерлеринин элдин ишеничин актап, ички иштер органдарынын аброюн бийик көтөрөт деп сиздерге терең ишенем. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргыз милициясынын күнүнө карата куттуктоосунда айткан.

Куттуктоонун текстин президенттин маалымат кызматы таратты.

Жапаров милиция кызматкерлеринин муундан-муунга сиңген эмгегин мамлекеттик деңгээлде таануу, алардын өтөп жаткан кызматына коом сый көрсөтүү керек экендигин белгилеген.

Куттуктоо сөзү:

«Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Бүгүн кыргыз милициясы өзүнүн кесиптик майрамын белгилеп жатат! Бул майрам — милиция кызматкерлеринин муундан-муунга сиңирип келген эмгегин мамлекеттик деңгээлде таануу, алардын жан аябастан өтөп жаткан кызматына коомдун сый көрсөтүүсү болуп эсептелет.

Ички иштер органдарынын тарыхында эрдиктин жана баатырдыктын үлгүлөрү көп. Түзүлгөн күндөн тартып милициянын кызматкерлери басмачыларга каршы күрөшүп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдары эрдик менен душмандарга каршы кармашып, согуштун жалыны жетпеген жерлерде укук тартибин камсыз кылышса, согуштан кийин мамлекетти кылмыштуу кол салуулардан сактап келишкен.

Учурда милициянын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик милдеттерин терең билип, коомдо жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн татаал шарттарында өз милдеттерин ийгиликтүү аткарып, мыйзамдын, адам укуктарынын сакчылары болууда жана уюшкан, улут аралык мүнөзгө айланган кылмыштуулукка, терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөшүп келүүдө. Мындан ары да жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, элдин ишеничин актап, коомдун коопсуздугун жана мыйзамдардын бекем сакталышын көздөп, ички иштер органдарынын аброюн бийик көтөрөт деп Сиздерге терең ишенем.

Ошондой эле өздөрүнүн көп жылдык билимин жана тажрыйбасын жаш муундарга берип жаткан урматтуу ардагерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Биз өлкөдөгү коомдук тартипти сактоодо жөнөкөй жарандардын жардамына таянабыз жана алардын пикирлерин жогору баалайбыз.

Ички иштер органдарынын өздүк курамын жана урматтуу ардагерлерин Милиция күнү менен чын жүрөктөн куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер.

Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана Кыргызстан элинин бейпилдиги үчүн өтөп жаткан маанилүү кызматыңыздарга ийгиликтерди каалайм!»

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button