Аналитика
Маанилүү

«Сүрөөнү күчтүүлөр»: Бишкек шаарынын мэрлигине кимдерди түртмөлөп жатышат?

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин кызматын аткаруудан баш тартканы белгилүү болду. Мэрдин милдетин убактылуу вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарат.

20-октябрда мэр Азиз Суракматов отставкага кетүүгө арыз берген. Мэрдин милдетин аткаруу укугу биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеевге берилген. Түлеевдин мэрдин милдетин аткарышына каршы 21-октярда митинг уюштурулган. Коомчулукта “Кийинки мэр ким болот?” деген суроо талкууланууда

Интернет колдонуучулар Бишкек шаарынын мэрлигине өздөрү татыктуу деген талапкерлерин сунуштап жатышат.

Талапкерлерди кимдер сунуштай алат?

“Бишкек шаарынын статусу жөнүндө” КРдин мыйзамынын 23-беренесине ылайык, мэр болууга талапкерлерди Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракциялардын коалициясы  көрсөтүүгө укуктуу. Жана ошондой эле азыркыдай кырдаалда же башка зарылчылыктардан улам премьер-министр көрсөтө алат.

Ошол эле берененин 4-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт. Эгерде ага Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси катышса, шайлоо болду деп эсептелет.

Кимдер мэр боло алат, кимдер боло албайт?

“Бишкек шаарынын статусу жөнүндө” КРдин мыйзамынын 22-беренесине ылайык жогорку билими бар, мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда жетекчи болуп 5 жылдан кем эмес иштеген, кыргыз тилин эркин билген Кыргызстандын жараны мэр болууга укуктуу.

Ал эми мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаган (соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан) жарандар талапкер боло албайт. Ошондой эле чет элдин жараны мэр болуугу укугу жок.

Сүрөөнү күчтүүлөр

Ал ортодо социалдык тармакта Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болчулардын аттары аталып, айрымдарын түртмөлөп жатышат. Калаа башчылыгына татыктуу делгендердин арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Жамалбек Ырсалиев, “Чоң Казат” саясий партиясынын мүчөсү, өзүн “мэр болууга татыктуу” деп жарыялаган Асхат Осмонов бар.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button