КоомМыйзам жана укук
Маанилүү

Сүйүн Өмүрзаковдун тууганы көмүр кенин басып алганы айтылып, УКМК текшерүүгө алды

Сүйүн Өмүрзаковдун тууганы көмүр кенин басып алганы айтылып, УКМК текшерүүгө алды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууганы Улукбек Өмүрзаковго карата текшерүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Ага ылайык, 3-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров Ош шаарынын жашоочулары менен кезиккенде Канназар Ыдырысов аттуу 51 жаштагы тургун ИИМ жетекчисинин орун басарынын бир тууганы кысымга алганы тууралуу айткан.

Ошол эле күнү Ыдырысов айткандарынын чоо-жайын аныктоо үчүн УКМКнын башкы башкармалыгына чакыртылган.

«Эртеси, 4-ноябрда, Ыдырысов УКМКга арыз менен кайрылып, бир жыл мурдараак өзү негиздөөчүлөрдүн бири болгон «Жолчырак» ЖЧК көмүр кенин Улукбек Өмүрзаков басып алганын айткан. Ошондой эле «үлүш» катары андан акча талап кылганын билдирген. Бул факт маалыматтар журналына каттоого алынган», — деп айтылат маалыматта.

Ош шаарынын прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү баштап, материалдарды шаардык ИИБге өткөрүп берди.

Ошол эле учурда Башкы прокурорго Улукбек Өмүрзаковго тиешелүү чечимдерди кабыл алууда прокуратуранын кызматкери экендиги жөнүндө маалымат жиберилген.

6-ноябрда арыз ээси Өмүрзаковдун коркутуулары боюнча көрсөтмө берүү үчүн УКМКнын борбордук аппаратына чакыртылган.

Учурда бул факт боюнча текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт