БийликКоомМыйзам жана укукӨкмөт

Роза Отунбаева: Кыргызстан кашыктап топтогон аброюн чачты

Бүгүн, 10-мартта Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында аялдардын укугун коргоого багытталган тынчтык митинги өттү.

Экс-президент Роза Отунбаева Кашкар Жунушалиев жетектеген Ички иштер министрлигинин 8-марттагы аялдар маршына каршы аракеттерин сындап, министрдин кызматтан кетишин талап кылды:

«Кыргызстан кашыктап топтогон аброюн чачты. Анткени биз канча жылдан бери демократиялык өлкөдө жашайбыз деп айтып келчүбүз. Бул үчүн ички иштер министри кызматтан кетиши керек. Биздин мамлекет аялдарга карата зомбулук боюнча жүздөгөн өлкөлөрдүн ичинде биринчи сапта турат. Эмнеге ал үчүн намыстанбайбыз? Эмнеге биз ажылдап, кыйкырып, бирөөнүн бетин жулабыз деп ушул жакка келип жатабыз. Бул нерсе уят, шермендечилик», – деп билдирди Отунбаева.

Отунбаеванын айтымында, 8-майда тынчтык жүрүшкө чыккан аялдарга милициянын мамилеси Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө уят кылды, эгемендик жылдарынан бери күрөшүп жеткен демократиялык баалуулуктарга шек келтирди.

Белгилей кетсек, 8-март күнү “Аялдардын тилектештик жүрүшү” өтмөк. Иш-чара башталарга аз калганда белгисиз адамдар келип акциянын уюштуруучуларынын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция жүрүшкө келгендерди кармап Свердлов райондук милициясына алып кетип, тактоо иштерин жүргүзгөн соң кармалгандарды бошоткон.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

4 пикир

  1. Бизге гейледин, лезбиянкалардын кереги жок. Отугбаева сага керек болсо Америкага барып жаша.Артыковду гей кылып озун лезбиянка болуп ал. Биздин Кыргыз салт санаа,урп адатыбызга туура келбейт сенин тушунугун. Опустилась до плинтуса.

      1. Адамдын беделине шек келтирген пикирге сөз жок деп коюп, мурунку Президент, эмне адам эмес айбан бы, бул жерде силердики туура эмес баа, тең бөлүш керек, бир жактуу карабай, соккондоду чыгарбай, уят эле !

  2. Бизге мындай салттар туура эмес карыганда ар кайсыны айтып алжыбай отунбаева жон журсо болмок катын карыганда куулосо ушунтип алжып калчу эле

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close