БийликСаясат
Маанилүү

Роза Отунбаева үчүнчү революция болорун кыйытты

Экс-президент Роза Отунбаева Кашкар Жунушалиев жетектеген Ички иштер министрлигинин 8-марттагы аялдар маршына каршы аракеттерин сындап, министрдин кызматтан кетишин талап кылды:

«Жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга ички иштер министри жооптуу. Ал кызматтан кетиши керек. Кыргызстандын абийирин төгүп аткан бир министр жана анын командасы болуп атат».

Отунбаеванын айтымында, 8-мартта тынчтык жүрүшкө чыккан аялдарга милициянын мамилеси Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө уят кылды, эгемендик жылдарынан бери күрөшүп жеткен демократиялык баалуулуктарга шек келтирди.

Экс-президент ошондой эле азыр коомдогу эң орчундуу маселе — аялдарга карата зомбулук болуп жатканын, буга бийлик кескин чара көрүшү зарылдыгын белгиледи.

Уркуя Салиева атындагы «Революция каармандарынын» эстелигинин жанында аялдардын укуктарын коргоо акциясы өтүп, анда «Зордук-зомбулукка каршы!», «Эки жүздүүлүккө каршы!» деген өңдүү ураандар чакырылды.

Акцияга Роза Отунбаева, Мира Жангарачева, Чолпон Жакупова, Азиза Абдирасулова баштаган коомдук ишмерлер, укук коргоочулар катышты. Акцияга милиция көз салып турат.

Роза Отунбаева: Кыргызстан кашыктап топтогон аброюн чачты

8-мартта аялдардын зомбулукка каршы жүрүшүнө чыккандарга чагым жасалып, милиция аларды кууп таркатып, кармап, 11 кишиге айып салган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатат.

Ошондой эле, эки ыңкылаптын себептерин эскерткен экс президент учурдагы кырдаалды эске алып, үчүнчү революция болушу ыктымалдыгын кыйытты.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close