Дүйнө

Россиянын Су-27 аскердик учагы кырсыкка кабылды

Орусияга таандык бир Су- 27 аскердик учак Кара деңизде кырсыкка учурады.

Орусиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:10до Кара деңиз аркылуу Крымдан 50 километр жакындарында Су–27 аскердик учактын пландуу учуу учурунда радардан жоголуп кеткендиги, бир минутадан кийин аймактан чукул абал белгисинин келгендиги билдирилди.

Түштүк аскердик аймагынан топтор издөө – куткаруу иштери үчүн аймакка жиберилгендиги билдирилген маалыматта : «Алгачкы маалыматтарга караганда учак деңизге түштү. Учкучту издөө иши начар аба шарттарынан улам  кыйынчылыкка учурап жатат»,- деп билдирилди.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close