Коом

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондуна жаңы төрага дайындалды

Буга чейин аталган кызматты Эркин Асрандиев ээлеп турган. Ал 6-февраль күнү вице-премьер-министр болуп дайындалды.

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондуна төрага болуп Азиз Аалиев дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттөн жеке булактар билдирди.

Жаңы жетекчини жамаат менен бүгүн, 10-февраль күнү, тааныштырышты.

Аалиев 2019-жылдан бери фонддун башкаруучулугунда мүчө болгон. Ага чейин өкмөттүн Финансы жана кредит саясаты бөлүмүн башкарган.

Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Эркин Асрандиев ээлеп турган. Ал 6-февраль күнү вице-премьер-министр болуп дайындалды.

Булак
Sputnik Kyrgyzstan
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button