КоомМыйзам жана укук
Маанилүү

Равшан Жээнбеков УКМКга чакырылды

Бүгүн, 11-октябрда мурдагы саясатчы Равшан Жээнбеков УКМКга суракка бара тургандыгын айтты. Бул тууралуу ал өзү Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Саясатчы ошондой эле 10 -октябрда өткөн парламенттин кезексиз отурумундагы өкмөттү дайындоо тууралуу өз пикирин билдирип:

“Өкмөт башчыны дайындоо бир тараптуу добуш берүү менен өттү. Ага жалаң Президент Сооронбай Жээнбековду жактаган депутаттар, башкача айтканда, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” партияларынын талапкерлери гана катышты”, – деди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондордун 5-октябрдагы массалык акциясы баш аламандыкка чейин өсүп жетип, бир катар администрациялык имараттар тартып алынган. 6-октябрдын түнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаров баштаган саясатчылар менен бирге Равшан Жээнбеков да абактан бошотулган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда ИИМге суракка чакырылып, ага Кой-Таш окуялары боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу” беренелеринин негизинде шектүү катары камакка алынган. Дал ошол күнү Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулуп, бир топ адамдын аты аталган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков да бар болчу.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button