ТехнологияЭкономика
Маанилүү

Равшан Сабиров: 5G уюлдук байланышын жайылтуу керек

«Бүткүл республика боюнча телекоммуникация кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү, ошондой эле бешинчи муундагы (5G) уюлдук байланышын жайылтуу керек», — деди вице-премьер-министр Равшан Сабиров байланыш операторлорунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда.

Равшан Сабиров өз сөзүндө интернет жана байланыш жарандардын ажырагыс бир бөлүгү болуп калганын айтып, бул тармакка өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талаптын өсүшү радиожыштык ресурстарын керектөөнүн көбөйүшүнөн байкаларын, муну туура пайдаланбаса тартыштыкка алып келерин билдирди.

«Бүгүнкү күндө радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялары бар компаниялар келишимдик негизде үчүнчү юридикалык жактарга берүү ыкмасын жүзөгө ашырып келүүдө, ошол эле учурда алар өзүлөрүнүн тармактарын өнүктүрбөй, чектелген ресурсту гана «карманып» жүргөнү эч кимге жашыруун эмес.  Ошондуктан бардык байланыш операторлорун радиожыштык ресурсун белгиленген стандарттарга ылайык натыйжалуу пайдаланууга чакырам», — деди Сабиров.

Буларга кошумча Өкмөт тарабынан ар кандай байланыш операторлорунун (интерконнект) ортосундагы туташуу үчүн тарифтик төлөмдү төмөндөтүү каралып жатканын, буга ылайык, 3,5 сом болгон тариф 2021-жылдан баштап 1 сомго чейин төмөндөй турганын маалымдады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-октябрда вице-премьер-министр Равшан Сабиров байланыш операторлорунун өкүлдөрү менен телекоммуникация тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда аталган тармактагы орчундуу маселелер талкууланып, компаниялардын өкүлдөрү чечүүнү талап кылган бир катар маселелер боюнча маалымат беришти.

Толугу менен
Back to top button