Саясат
Маанилүү

Райым Матраимов парламенттик шайлоого аттанабы?

Бүгүнкү күндө Райым Матраимовдун персонасына кызыгуу да, суроо да көп болгондуктан, биз маегибиздин учугун алыстан баштадык. Бирок, бир баарлашуу менен баарын камтууга мүмкүн болбоду. Ал эми берилбей калган суроолорго иретине жараша кийинки сандарда жооп алмакчыбыз.

— Райым мырза, сиз жакында эле мекениңизге кайтканыңызды айтып, баардык суроолорго жооп берүүнү билдирдиңиз эле. Эмесе, чекесинен баштасак. Жай айларында Түркияга бир компаниянын вице-президенти болуп кеткениңизден кабар алганбыз. Эмне иш менен алектенип аттыңыз?

— Негизи мамлекеттик кызматтан кеткенден соң, бир жылдан ашык убакыт соттошууга короду. Бирок, ал учурда мен бекер отурган жокмун. Бизнес чөйрөсүндө аракетимди 2017-жылда баштагам. Натыйжада, бир кылымдан ашык тарыхы бар Түркиядагы белгилүү “Акдаглар” корпорациясында вице-президент болуп иштеп баштадым. Учурдан пайдаланып айтарым, чет өлкөдө иштеп жаткан кыргыз жарандарына, биздин мекендештерибизге пайдам тийе турган болсо, колуман келген жардамымды аябайм.

 Учурда журналисттер жана айрым медиа-активисттер сизди камалсын деп митинг уюштуруп атышат. Ага чейин “Азаттык” дагы бир иликтөө чыгарып, сизди бажыдагы көмүскө схемалардын негиздөөчүсү деп айыпташкан. Бул айыптарга кандай жооп бере аласыз? 

— “Азаттык”, конкреттүү айтканда, журналист Али Токтакунов чуулгандуу материалдарын жарыялап, мени атайын жаманатты кылышты. Мен Кыргызстандын жаранымын, мыйзамды сыйлайм. Массалык маалымат каражаттарынын, медиа өкүлдөрүнүн суроолоруна жообум мындай: мага жөн эле каралоо акциясы жүрүп жатат. Менин атымды каралоо менен башка максатты койгон күчтөр бар экендиги көрүнүп турат.

— Жакында УКМКга күбө катары сурак берип чыктыңыз. Кайсы иш боюнча суроолорго жооп бергениңизди билсек болобу?

— Сурак бергеним чын. Кечээ да чакырышкан, жооп берип чыктым. Азырынча маалымат бере албайм, мыйзамдын талабы боюнча сурак тууралуу эч кандай маалымат берүүгө укугум жок.

— Алгач “Азаттык” радиосу 700 миллион доллардын Кыргызстандан  сыртка которулганын жарыялап, кызуу талаш-тартыш жаратканы эсибизде. Экинчи иликтөөсүндө Саймаитинин айтуусу менен кайра кайталаптыр… Дал ушул өңүттөн кепти уласак?

— Бул иликтөөлөр кимдир бирөөлөрдүн буюртмасы. Бажы боюнча иликтегенде  мыйзам жоболорун, кодекстерин сурап-билип, бул тармактын ишин жакшы билгендерден маалымат, кеп-кеңеш алып, журналисттик иликтөөнү компетенттүүлүк менен жүргүзүшсө, балким мынчалык негизсиз маалыматтар менен элди дүрбөлөңгө түшүрмөк эмес. Иликтөө бир тараптуу болгон. Бир адамдын айткан-дегенине таянып жарыя кылышууда. “Айеркен Саймаити деген ким? Эмне иш кылат? Материалдарды кандай кызыкчылык менен берип жатат?” деген суроолордун башын ачып алыш керек болчу. Эл аралык деңгээлдеги  алдамчыны негизги маалымат берүүчү фактор катары кароонун өзү туурабы? Анын кимдер менен байланышы бар экени ошол эле изилдөөдө көрүнүп жатпайбы. Айеркенден сырткары, бул ишке дагы кимдер аралашып жатканы   белгилүү да. Эми муну тергөө органдары баарын изилдеп чыкса дейт элем. Эч нерсе билинбей калып калбаш керек. Баары ачыкка чыгышы шарт. Буга биринчи иретте мен кызыкдармын.

— Демек, сиз баардык айыптарды четке кагып атасыз?

— Мен өткөндө суроо беришкенде айттым эле, 700 миллион долларга 7 тыйынчалык да тийешем жок. Экинчиден, Айеркен Саймаити менен тааныштыгым болгон эмес.

Эсиңиздерде болсо, алгачкы иликтөөдө Али Токтакунов “700 миллион доллар  сыртка чыгып кетти, бул кимдин акчасы?” деп, аны мага байланыштырганга аябай аракет кылышты. Бирок, кийинки иликтөөсүндө өздөрү Саймаитинин оозу менен айтып беришпедиби: “Өзбекстандын чоң соода комплексинен келген акчалар, Өзбекстандан мыйзамсыз жолдор менен чыгып, Кыргызстандын банктары аркылуу чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн” деп.

Мындай маалыматты бергенге чейин эмне деген гана сөздөрдү таркатышкан жок? Калың журтка түрдүү маалымат каражаттары аркылуу чагылгандай чабуул жасатып, маалыматтарды өздөрү каалагандай калчап, апыртып берип турушту. Дагы бир жолу айтам, 700 миллион долларга мени жабыштырууга аракет кылгандары – эң чоң жалаа!

— Бирок финразведканын айтымы боюнча, өлкөдөн чын эле жүздөгөн миллиондор чыгып кеткен экен. Ошол акчалар чын эле бажы тармагынан чыгышы мүмкүнбү?

— Банк аркылуу официалдуу түрдө которулуп жаткан акчаларды “четке чыгып кетти” же орусча “вывод денег” деп айтуу – бул сабатсыздык. “Вывод денег” деген сөз – мыйзамсыз өндүрүлгөн акчаларды гана ар кыл схемалар аркылуу четке которууну билдирет. Журналисттер болсо өздөрү эле өзүнүн суроосуна жооп берип атышат. Ошол эле убакта “бул акчалар базарда соода кылган адамдардыкы” деп. Демек, кимдердин акчалары которулуп кетип жатат?

2018-жылы эле Кыргызстанга 2,5 миллиард доллардын көлөмүндө товар кириптир, бул сырткы ишмердүүлүк менен алектенген физикалык, юридикалык жактардын биздин өлкөгө ташып келген товарлары. Сырттан кирген товарга акча төлөмдөрүн жүргүзүш керекпи? Албетте, бүгүнкү күндө банк аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү эң ыңгайлуу жана коопсуз. Мындан сырткары, Кыргызстандын банктык системасы либералдуу, ошондой эле накталай акча ташууга да мыйзам жол берет. Бир гана декларация толтуруп, канча акча алып кетип жатканын да жазыш керек. 2018-жылы “Манас” аэропортунан 140 миллион доллар чыгыптыр, бул евро, рубль жана башка валюталарды айтпаганда. Айтып кетчү нерсе, мындай акчадан өкмөткө эч кандай салыктар, төлөмдөр жана жыйымдар алынбайт. КР Салык кодексинин 257-беренесинде “акчадан кошумча наркка салык алынбайт” деп жазылып турат. Бажылык жөнгө салуу мыйзамынын 41-беренесинде “акчадан эч кандай жыйымдар алынбайт, ал эми биргелешкен бажылык тарифте болсо, акчага 0% алым” деп турат.

Бажы тармагына тийешелүү мыйзамдарды билбегенден, такталбаган, болгондо да бир адамдын айтканына таянган, бүйүр кызыткан маалыматтарды атайын таратып, элди дүрбөлөңгө салышууда. “Бул акчаларга канчалаган социалдык объектилерди курсак болот эле, канчалаган адамдарга айлык, пенсия берсе болот эле?” деген провокациялык маалыматтарды таратып жатышты. Негизги максат – ал акчаларды мага байланыштырып, менин атымды болушунча көөлөп, жаманатты кылуу болчу.

Эми айтыңызчы, менин ал акчага эч кандай тийешем жок экенин өз оозу менен таптак, даана айтып жатышат да ошол эле иликтөөлөрүндө. Кайра эле беттырмарлык кылып, жалаа жаап отурушса, эмне деш керек?

— Аэропорттон чыгып кеткен таңгак-таңгак акча каражаттарга сиздин атыңызды байланыштырган чек арачылардын биринин айткандарына  пикириңиз кандай?

— Менде азыр бир топ суроолор пайда болууда: эмнеге ушунча жылдар бою эч бир адам айтып чыккан эмес? 2019-жылга чейин баары тынч болуп туруп эле, эми Саймаитиге окшогон “информаторлор” пайда болуп калат да, иликтөөлөр  башталат, ушундай көрсөтмөлөр чыга баштайт? Эмне үчүн жаманатты кылуу кампаниясы бир тараптуу, бир жактуу болуп, шайлоого аз убакыт калганда башталууда?

Өзүңүз ойлоп көрүңүз, бажыда иштебегениме эки жылдан ашты. Кимдир бирөөлөрдүн айтканы менен мени күнөөлөп, жамандатып, менин атымды атайын курал катары пайдаланып жатканына эмне дешим керек?

— Өлкөгө кирип чыккан транзиттик жүктөр боюнча түшүндүрмө берсеңиз? Сизде калкалоо, булардын үстүнөн пайда табуу мүмкүнчүлүгү болгонбу?  Кытайдан чыккан “Абу-Сахинин” ар бир фурасы 4600 доллардан төлөп  турушчу беле? Бул боюнча кайрадан эле Саймаитинин айтканына таянышууда…

— Транзит жөнүндө айтсам, бул бажылык процедура, өзүнүн тартиби, эрежеси, жоболору бар. Тактап айтканда, бул чет өлкөлүк жүктөрдүн өлкөнүн аймагына келген жерден тартып, чыгып кеткен жерине чейин бажы көзөмөлү астында, эч кандай салыктарды жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн жеткирилип, чыгып кетүүсү. Бажы биримдигинин кодексине ылайык транзит процедурасынан бир гана бажылык коштоп жүрүү үчүн бажы жыйымдары алынат, бул төлөм ар бир автоунаа үчүн 10 километрге 100 сомду түзөт. Мисалы, Өзбекстанга өтүүчү жүктөрдөн (ар бир жүк ташуучу автоунаа үчүн) болгону 300 километрге жакын аралыкта бажылык коштоо жүргүзүлгөнү үчүн гана бажы жыйымдары төлөнөт. Жогоруда айтылгандай, “Эркештам” өткөрмө пункту менен “Достук” өткөрмө пунктунун аралыгына 3000 сомдун тегерегинде төлөнөт.

Журналисттик териштирүүдөгү Өзбекстанга өтүүчү транзит туралуу сөз кылсак, (КМШ) көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин өз ара транзит жүктөрүн ташуу боюнча 1999-жылдагы келишими бар, биз бул келишимге 2003-жылы кошулганбыз. Анын беренелерине ылайык, транзиттик жүктөр аймакка кирген жеринен тартып, чыгып кеткенге чейин эч кандай өзгөртүүсүз, кирген көлөмүндө  чыгып кетиши керек. Ошондой эле келишимде так жазылып турат, “бул жүктөргө эч кандай экономикалык саясаттын ыкмалары колдонбосун” деп, мындайча айтканда, биз бул жүктү квоталап, лицензиялап же болбосо баасына киришип, көзөмөл жүргүзгөнгө акыбыз жок. Биздин учурда Өзбекстанга транзит процедурасы боюнча өтүүчү жүктөр Кытай Эл Республикасынан (КЭР) “Эркештам” өткөрмө пунктуна КЭРнын бажы кызматынын пломбасы астында келет, өткөрмө пунктунда кошумча Кыргыз Республикасынын (КР) бажы кызматынын пломбасы  басылып, “Достук” өткөрмө пунктуна бажылык коштоосу менен жеткизилет. Анүстүнө, ар бир биздин аймакка кирген жүк ташуучу автоунааны биргелешкен автоматташтырылган маалымат системасы (БАМС) аркылуу КРнын бажы кызматынан сырткары бажы биримдигинин бажы кызматтары да көзөмөлдөп турушат. Аларда жүктүн көлөмүн жана салмагын көзөмөлдөгөнгө толук мүмкүнчүлүгү бар, өзүңүздөр байкагандай, жүктү түшүрүп калуу таптакыр мүмкүн эмес. Ал эми “Абу-Сахийдин” ар бир фурасы 4600 доллардан төлөйт” деген  сөздүн кайдан чыкканы мага белгисиз…

Иликтөөдөгү Саймаитинин айтымында, “транзиттик жүктүн бир бөлүгүн түшүрүп калат” деп айтып жатышат. Маани берсеңиздер, “айтымында” деп жатышат, чынында эле ошентип айтса, ошончо нерсени көрсөткөн журналисттер так ошентип айтканын көрсөтпөй коймок беле? Демек, антип айткан эмес. Иликтөөчүлөр “жөн эле”, “айтымында”, “болушу мүмкүн”, “биздин оюбузча”, “шек санап жатабыз”, “биз билгенден” деген божомолдуу, бүдөмүк ойлорду жылжытып, жоопкерчиликтен качып, коомчулуктун аң-сезими менен ойноп, көз боёмочулук аркылуу элдин башын айландырып жаткан жокпу?

— Ташкенттеги ири бизнесмендердин бири Абдукадыр Хабибулланы тааныйсызбы, мамилеңиз барбы?

— Абдукадырды эл аралык деңгээлдеги инвестор катары 2007-жылдан бери билем. Аны менен эле эмес, сырткы ишмердүүлүк менен алектенгендердин  көпчүлүгү менен кызматка жараша иштешесиң. Анткени бажыда иштегендер базарды изилдеп, кайсы ири кеңселер Кыргызстанга пайда алып келип жатканын билип, алардын бизнес жасашына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү биздин милдетке кирет эле. Бажыда иштегенде план-тапшырманы аткарыш үчүн   менеджер да болуш керек. Өзбекстанга келчү товарлардын көлөмүнөн Кыргызстан аркылуу өткөн жүктөрдүн көлөмү 10%га жетпесе керек. Менимче, мындай инвесторлорго иштөөсүнө шарт түзүп, мамлекетке инвестиция алып келинишин камсыз кылуу абзел. Бизде тескерисинче, чукуп, козгоп, тынчын алып, ар кандай  тоскоолдуктарды жаратабыз. Мен билгенден, бул киши курулуш багытында  Өзбекстанга көптөгөн миллион долларлык инвестицияларды салып жатат. Мындан мамлекет эле пайда көрөт.

— Сизге карата компроматтар согушунун курчушуна ар кандай кызыкдар күчтөр бар (!) дедик. Чечмелесек болобу?

— Бир нерсени таптакыр түшүнө албадым: эмне үчүн бажынын баардык иштерине мен жооп беришим керек? Болгону бир жарым жыл орун басар болуп иштесем, кыбыр эткендин баарын менин атыма байланыштыруунун зарылчылыгы, саясатташтыруунун максаты эмнеден болгонун мурдагы интервьюларымда айттым. Менин канча жетекчилерим болгонун билесизби? Мен эч качан бажы кызматына жетекчи болгон эмесмин. Ошончолук зыян алып келсем, мени жек көргөн Сапар Исаков эмнеге убагында иш козгогон эмес? Иштен бошоткондо да жөн эле шылтоо менен бошоткон.

– Кыргызстанда журналисттерди сотко берүү жарандардын арасында терс кабыл алынат. Мисалы, 2017-жылы Атамбаев көптөгөн журналисттерди соттоп, көпчүлүгү менен мамилесин бузуп алган. Сиз эмне үчүн сотко бердиңиз аларды?

— Сабыр кылуунун, чыдоонун, адамгерчиликтин да чеги болот. Көп убакыт бою унчукпай, басма сөздөгүлөрдүн жасай жүргөн “оокаты” катары карап келгеним да ырас. Кийин кимдин буюртмасы, ошол материалдардын артындагы айгакчылар кимдер экени билине баштаганда, бул жалаа экендигин жана “сот органдары териштирип, аныктап берет” деген максатта кайрылдым.

Мен түшүнбөйм. Эми журналисттер эмнеден коркот? “Сотко далилдей албай калабыз” деп коркобу? Чыгарган маалыматтарынын чындыгына (жетиштүү  фактылар менен далилдешсе…) көздөрү жетсе, анда сот алдында эми далилдеп беришсин. Азыр баары Батышты үлгү катары айтып, бизди кескин түрдө жамандаганга өтүштү окшойт. Бирок, ошол эле АКШда ушундай жалган иликтөөнү чыгарып көрүшсүн, аны дароо ал жакта сотко бермек, бул кадыресе көрүнүш. Далили чыкпай калса, сот чоң айып пулга оңой эле жыгат, себеби алар адамдын жеке кадыр-баркын (репутациясын), адамдын укугун коргошот. Менин атымды эмнелер менен гана байланыштырып чыгышпады?!. Анын таасири да тийип жатат. Мага гана эмес, менин үй-бүлө мүчөлөрүмө карата дагы каралоо агрессиясы болууда. Маселе, маалымат чынбы же жалаабы – эл да ушуну сурап, талап кылып жатпайбы? Буга ким жооп берет, албетте, сот. Ошон үчүн сотко кайрылдым. Эгерде ушунун баарын баштаган журналисттер өздөрү чындыкты моюнга алышып, буга чейинки жарыялаган материалдарын төгүндөшсө, албетте, адвокаттарым доо арызды алып коюшат.

— Парламенттик шайлоого бара турганыңыз боюнча коомчулукта кеп  боло калып жүрөт. Пландарыңыз барбы?

— Саясаттан алыс жүргөнүмдү көпчүлүгү жакшы билет. Азыркы учурда мен саясат жөнүндө ойлогонго эмес, өзүмдүн ден соолугума караганга да убакыт болбой жатат.

 

Автору
Асланбек САРТБАЕВ
Булак
“Азия Ньюс” гезити
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button