Мыйзам жана укук
Маанилүү

Р.Матраимов кармалып, УКМКга жеткирилди

Бүгүн, 20-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов кармалып, УКМКнын имаратына жеткирилди, деп билдирди комитеттин басма сөз кызматы. Ал бажы органдарындагы коррупциялык иштер боюнча Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иштин алкагында кармалган.

Расмий маалыматта 2006-жылдан баштап, азыркы учурга чейин Мамлекеттик бажы кызматында коррупциялык схема иштеп келгени айтылат.

  • Буга чейин бүгүн, 20-октябрда Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылганын Tazabek басылмасы булактарына шилтеме берүү менен билдирген.
  • Бажы органдарындагы коррупцияга тиешеси бар адамдардын тобу белгилүү болгонун 19-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирген.

«Учурда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана Бажы кызматындагы башка кызматкерлердин тиешеси бар делген коррупциялык иштер боюнча тергөө уланып жатат», – деп айтылат маалыматта.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button