БийликКоомӨкмөтСаясат
Маанилүү

Президенттин саясатына өкмөт каршы иштеди

Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы Абдинаби Назарбаев

Баарыбызга белгилүү болгондой, бүгүн 12-февраль күнү Жогорку Кеңеште вице-премьер министрлик кызматка Акрам Мадумаровду өкмөт сунуштап аны шайлап беришти. Анын жетекчи болуп шайлангандыгына менин ичим күйүп же көралбастык кылган жокмун. Маселе башкада, кыргыз эли жаңы бийликтен жаңыча башкарууну жана адилеттүүлүктү күткөн элек. Тилекке каршы азыркы бийликтин да, эски коррупцияланган бийликтен айырмасы болбой калды. Себеби, кылмыш иши козголо турган адам, өкмоттүн көрсөтмөсү менен вице-мреьмер министр болуп шайланды.

Тактап айтканда, Акрам Мадумаров Кадамжай районунун администрацисын жетектеп турган кезде Кызыл-Кыя цемент заводуна мыйзамсыз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, лицензияда көрсөтүлгөн 7 га 8 сот.  аянт кошуп баары биригип, 17га 30 сот.  Надиркендеги кен чыккан жерди трансформациялап берип койгон. Башкача айтканда Премьер-министр менен Госгеологиянын милдетин аткарган. Айыл чарба жерлерине келтирилген зыян 14 млн. 371 миң сом деп, Кадамжай райондук экологиялык техникалык инспексиясы тарабынан айып салынган. Баткен областык прокуратурасы тарабынан текшерилип, 200 миң сом Кызыл-Кыя цемент заводу тарабынан төлөнүп, кылмыштын курамы жок деп, тергөө иши жабылып калган.

Кылмыштын курамы бар экендигин далилдөө үчүн мыйзамдарга токтолсок:
Мисалы: Жер Кодексинин 74-беренесинде кен чыккан желер өзгөчө баалуу жерлерге кирет деп так жазылган. (ошол кездеги Кодексте)

Ошол эле Жер Кодесинин 20-беренесинин 12 пункутунда: “кен чыккан жерди башка категориясына которуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн компетенциясына кирет” деп так жазылган. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актлары жөнүндөгү мыйзамдын 32-беренесиндеги коллизияларды чечүүнү тартиби боюнча мыйзамдын 1-пунктунда төмөнкүдөй белгиленген:

Ченемдик укуктук актлардын ортосунда коллизии болгон учурда укуктук мамилелердин субьектери жокогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актынын ченемин жетекчиликке алат. Тактап айтканда, мыйзамды бузган А.Мадумаров таянган мыйзам эмес, жогоруда Жер Кодексиндеги мыйзам мыйзамдуу болуп саналат. Мында өзүңүздөр күбө болгондой мыйзам бузуулар боюнча кыргыз элинин кызыкчылыгын талашып, жогорку бийликке 2015-жылдан бери жазамын. Эч кандай жыйынтык чыккан жок. Президентибиздин коррупция боюнча күрөшүүсү кайда калды? Же мыйзам бузуулар карапайым элге эле иштейби? Ушундай бийлик тараптан адилетсиздик болсо, бийликке ким ишенет?
Акыйкат үчүн, бөлүшүп коюңуздар.

Кадамжай районуна караштуу
Орозбеков айылдык кеңештин төрагасы

Абдинаби Назарбаев
(Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт)

Автору
Абдинаби Назарбаев
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button