БийликОкуяларПрезидентСаясат

Президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаровду колдогон митинг боюнча билдирүү таратты

Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратында бүгүн, 2-мартта, Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өтүп жаткан Садыр Жапаровду колдогон митингдин катышуучулары менен жолугушуу болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Митингдин делегаттары менен жолуккан президенттин Аппаратынын Жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов келгендердин пикирин уккан.         

“Жарандардын кабыл алууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдар боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Митингдин резолюциясы келгенден кийин ал президенттин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүндө карала тургандыгы белгиленди”, – деп айтылган маалыматта.

🔴ТҮЗ ЭФИР: Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги

Бишкектин Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлери тарабай жатышат. Буга чейин саясатчынын агасы Сабыр Жапаров митингдин талабына президенттик аппарат үч күндөн жооп берерин айтып, чогулгандарды тароого чакырды.

Бирок митингдин айрым катышуучулары мындай сунушка көнбөй, Жапаров эркиндикке чыкмайынча тарабай турганын айтышууда.

Учурда нааразылык акциясы уланып жатат. Чыгып сүйлөгөндөр президент Сооронбай Жээнбековду Садыр Жапаровго ырайым берүүгө чакырууда.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button