АналитикаСаясат

Президенттикке ат салышкан талапкерлер. Ким эмне тапты?

Бүгүн алар жөнүндө айрымдары гана жазбаса, көпчүлүгүн дээрлик эстеген эч ким жок. Алардын ысымдары басма сөз беттеринде жана социалдык тармактарда чанда гана чыгып калып жатат. Бирок алар жакынкы мезгилге чейин өлкө башчылыгына талапкерлигин коюшкан. Бирок алардын бири дагы саясий бактысын "кармай" алган жок. Кыргыз саясатында жаңы "жылдыз" болуп, же өз имиджин ребрендингге чыгарышты.

Алар үчүн шайлоо жөн гана долбоор болуп саналат. Анын максаттары, жашыруун жана ачык-айкын, аларга жетүү стратегиясы, башында көрсөтүлгөн милдеттерди чечүүнүн тактикалык планы бар. Албетте, мунун бардыгы ресурстар менен камсыздалышы керек. Уюштуруучулук, каржылык, интеллектуалдык. Саясий стратегдер стратегия боюнча жардам бере алышат, PRчылар эң мыкты сүрөттөрдү сунуштай алышат, штаб «товарды кардарга» жеткирет. Ошол эле учурда, «Мен үчүн эмне пайда алып келет?», «Мен эмнеге жетишким келет?», «Кайда жана эмне үчүн бара жатам?» деген сыяктуу суроолор саясатчы болуу кыялы бар адамдын акылында болбой койбосо керек.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров жеңе турганы шайлоо өнөктүгү баштала электе эле маалым болчу. Ал өз жакын адамдарын, кудаларын, «мекенчил» партиялаштарын, жердештерин, абакташ жана табакташ досторун ар үрдүү кызматтарга орноштуруп, баарын камдап коюп, өзү президенттик шайлоого кетти. Ал легитимсиз жол менен легитимдүү президент болгусу келди. Моралдык жагын эске алдыбы, ал башка маселе. Башкысы эңсегенине жетти. Бирок калган 16 талапкер эмне тапты, алардын көшөгө артындагы кайгысы жана бактысы жөнүндө кеп кылабыз…

«Оор салмактуулар»

Саясаттагы»оор салмактагылардын» ичинен Адахан Мадумаров менен Канат Исаев шайлоо жарышына активдүү катышты. Биринчиси 94 миңден ашык добуш алды, же болжол менен 6,8%, экинчиси — сегиз миңден бир аз ашыгыраак, же 0,6% добуш алып, жадагалса өзүнүн туулуп өскөн айылында «башкы атаандашынан» утулуп калды.

Мадумаров адаттагыдай эле шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок жана нааразычылыгын айтып, какшанып келатат. Дегеле, Адахан Мадумаровдун саясий тагдыры башында жаркын, акыркы он жылдыкта негедир трагедиялуу уланууда. Анын “Бүтүн Кыргызстан” партиясына парламенттик шайлоолордо да ар дайым «бир аз» жетишпей келген. Өткөн президенттик шайлоодо ал үчүнчүболуп калды. Бардык шайлоо өнөктүктөрүндө Мадумаров добуштар боюнча болжол менен бирдей натыйжага ээ болуп келет. Кыргыз саясатындагы бул «эски жүздүн» көйгөйү — ал каталарын моюндабагынында, үстүнөн иштебегенинде. Бир жолу, эки жолу жакшы, үчүнчүсү…  Эми «кокустук» дегенге болбой калды, душмандардын «арам ыкмасы» эмес, «мыйзам ченемдүү» көрүнүш деп баалоого болобу? Эгерде унаа баткакка тыгылып, тайгаланып жатса, анда аны түртүп же дөңгөлөктөрдүн астына бутактарды салып, же башка жолун издеш керек. Адахан Кимсанбаевич ар дайым өжөрлүк менен бир эле жолдо, бирдей ылдамдыкта айдап, бир жерге тыгылып калып жатат.

Саясаттагы карттардын катарындагы, интернеттеги мемдердин популярдуусу атыккан Канат Исаев бул шайлоодо эмне үчүн бул жарышка катышты? Ссыягы, ал өзү деле муну толук формулировкалай албай жатат. Эгерде үгүт өнөктүгүн талаптагыдай өткөрүү, жок дегенде үчүнчү орунду ээлөө жана парламентаризмдин баалуулуктарын коргогон оппозициянын лидери катары өз ордун ээлөө үчүн жетиштүү финансылык ресурстарды табуу мүмкүн болбосо, анда аты бюллетенге кире электе жарышка катышуудан баш тартуу керек болчу.

Өзүңүздүн талапкерлигиңизди алып салыңыз, күчтүү билдирүү жасаңыз жана жеңишсиз пенсияга чыгыңыз деген кеңештер сөзсүй айтылса керек. Исаев гана эмес, анын «Кыргызстан» партиясы дагы утулуп калгандай болду. Себеби, 4-октябрда таанылбай калган шайлоодо үчүнчү орунду ээлеген «Кыргызстан» өзүн позицияга коюп, өлкөдөгү ири партиялардын биринин лидеринин бир-эки айдын ичинде өлкө боюнча болгону сегиз миң добушка ээ болгону акылга сыйбайт.

Демек, Кырызстан партиясы бул «самын көбүгү», ал административдик ресурссуз жана анын тизмесине жакында кирүүгө аракет кылган «акча баштыктарысыз» эч нерсеге татыбайт.

«Жүзү тааныш жана алгыр саясатчылар»

Президенттикке талапкерлердин тизмесине Аскар Акаевдин учурундагы үч мурунку чиновник бирдей кирди. Булар Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков жана Абдил Сегизбаев. Бул жерде, максат коюу жана ой жүгүртүү жакшы эмес. Айрыкча биринчи экөө. Экөөнүн тең саясаттагы биринчи күнү эмес экенине жана жаш бала болбой калгандыгына карабастан, эки пайызга жарым пайыз да ала албаганы — бул «шектүү» жетишкендик.

Абдил Сегизбаев, алардын фонунда, өзүнүн бир жарым пайызы менен, жөн гана саясий желмогуздай көрүнөт. Ага карабастан, биздин коомдун адеп-ахлактык баалуулуктары боюнча суроо туулат. Кайсы өнүккөн мамлекетте болбосун, ушундай кадыр-баркка ээ болгон мурдагы чиновник президенттикке гана эмес, райондук деңгээлдеги депутаттыкка талапкерлигин коюуну кыялданмак да эмес. Белизгейттен кийин, ал УКМКны жетектеп турганда, “кеңсе” Атамбаевдик режим менен макул болбогондордун бардыгына кысым көрсөтүү менен алектенген. Логикалык жактан алганда, коом Сегизбаевди катуу тоскоолдуктарга дуушар кылышы керек эле. Биздин өлкөдө ал бир жарым пайызга ээ болсо дагы, төртүнчү болуп калды. Анын үстүнө Сегизбаевге маргиналдар эмес, анын саясий репрессиядагы ролун жакшы билгендер добуш беришти. Экинчи жагынан, Сегизбаевдин шайлоочулары Алмазбек Атамбаевдин шайлоочулары деп эсептесек болот. Демек, мурунку президентө колдоочуларын дээрлик жоготкон.

«Жаңы жүздөр, ак сакалдар, жаш карышкырлар»

Бир нече мурдагы чиновниктер жана ишкерлер президенттикке талапкерлердин тизмесинин «өзөгү» болуп калышты. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча, алар бири-биринин дээрлик артында турушат: Имамидин Ташов — бир пайыздан бир аз көбүрөөк, Клара Сооронкулова — бир пайыз, Аймен Касенов, Улукбек Кочкоров, Элдар Абакиров, Жеңишбек Байгутиев — бир пайызга жетпейт. Алардын эч кимиси программанын мазмунуна, же чыгармачылыгына, же кандайдыр бир адаттан тыш риторикасына таң калышкан жок. Эч ким кыргыз саясатындагы саясий горизонтто жаңы жылдыз жандырган жок. Шайлоого эмне үчүн барышты деген суроо жоопсуз калууда. Себеби, мындай жыйынтык партияны алга жылдырууга жардам бериши мүмкүн, эгерде андай ниеттер болсо, же саясатчы катары аты калышы мүмкүн. Анан калса, парламенттик шайлоо алыс эмес. Ал жакта мурунку талапкерлердин аты-жөнү коомчулукка көрүнүп калса эле, ошол «жарым пайыз» дароо эске алынат. Башка…?

Ушул топтон айырмалып, эң аз акча коротуп, аз добуш алса да Бактыбек Калмаматов өзүнүн потенциалын көрсөтө алды. Тайманбаган, жаңычыл, көрөгөч, өзү жаш болсо да саясатта салмактуулардын катарына кире ала турганын көрсөтө алды. Садыр Жапаров канчалык көп нерсеге жетишсе, Калмаматов да бул шайлоодон көп нерсе тапты. Кыргызстандагы эң күчтүү, тажрыйбалуу саналган Текебаевдин көзгө басары, саясаттагы жолун уланткан окуучусу ушул жигит эле окшойт деген ойлор көп айтылды. Устаттан өткөн, устатын уткан шакирт ушул болот окшобойбу. Бул жерде жалгыз Калмаматов гана турат. Анын үгүт иштерине катышуу менен парламенттик шайлоого көз салган саясий лидер катары өз ордун ээлөө максаты өзүн толугу менен актады.

Оппозициядагы генерал

Курсан Асановдо чыныгы элдик генерал болууга сонун мүмкүнчүлүк болду. Анын үстүнө, бул орун азыр бош турат. Кыргызстандагы стабилдүүлүктү тартипке келтире ала турган талапкер бойдон калууда. Курсан Асанов өзүн саясатчы деп жарыялоого толук мүмкүнчүлүк алды. Шайлоого катышуу чечимин кабыл алганда, анын түпкү максаты ушул болсо керек. Бирок, шайлоо натыйжасы ал күткөндөй болбоду окшойт. Генералдын имиджине бекем илинген  “кызгылт пакетти” президенттик шайлоо өнөктүгүнө өзгөртүү алып келе алган жок.

Үчүнчү жана төртүнчүдөгү «Молдо» жана «сүткор»:

Үчүнчү орунду Бобур Төлбаев ээлеп, дээрлик 2,4% добуш алды. Анын шайлоого катышуусу күтүүсүз болду, үчүнчү орунду алуусу дагы. Ал шайлоо өнөктүгүнө аздыр-көптүр акча коротууну чечип, социалдык тармактарды, телеканал жана басылмаларды бүт колдонуу менен утулган талапкерлердин бири болуп калды. Бирок анын натыйжасын чыгымдарга карата карай турган болсок, анда ал өтө эле аз. Эгерде Төлбаевдин президенттик шайлоого катышуусунун максаты саясатчы болууга арыз берүү болсо, анда муну аз акча коротуп, бирок эффективдүүлүктү жогорулатуу менен жасаса болмок.

Бул жагынан алганда, ал Мыктыбек Арстанбектен сабак алышы керек, жыйынтык боюнча ал андан кийин келет. Ар бир добуш, эгерде расмий сарпталган каражатка пропорциялуу эсептелген болсо, анда Бобур Төлбаевге плюс же минус 373 сом, ал эми Мыктыбек Арстанбекке — 43 сом туура кетет.

Төлбаев шайлоого расмий түрдө 12 миллион сомдон ашык акча короткон. Албетте, муну Садыр Жапаровдун 67 миллиону менен салыштырууга болбойт, бирок башка талапкерлердин баарынан көп. Ал эми Мыктыбек Арстанбек бардык талапкерлердин эң азын — бир миллион сомдон бир аз ашыгын сарптап, Бобурдан 10 000 гана  аз добуш алды.

Мунун сыры эмнеде? Шайлоо өнөктүгүндө Мактыбек Арстанбек үгүт технологиясын колдонуп, салттуу жана исламдык баалуулуктарды жайылтууга аракет кылды. Андан сырткары, радикалдуу делген динге ыктаган саясий топтордун колдоосу байкалды.

Арстан Алай айтпай эле туралы…

Натыйжада…

Кээ бирөөлөр алгач үгүт өнөктүгү «фавориттен» башка талапкерлер үчүн ийгиликсиз болду десе, анда ал ошол эле учурда туура да, туура эмес да болот. Туурасы Садыр Жапаров жарыш баштала электе эле «фаворит» болгон жана албетте аны жеңүү мүмкүн эмес эле. Туура эмеси, ар бир талапкер экинчи болуу уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан, бирок, албетте тең келе алышкан жок. Бирок Жапаровго татыктуу оппозиция боло алышты.

Шайлоо өнөктүгүнүн лидери же социалдык тармактардагы өзүнө-өзү суктанган талапкер, эң чоң фейктердин армиясынан куралган жана фейк-баракчалардагы компроматтарды чыгарып, атаандаштарын каралаганына күбө болдук. Өзүнүн реалдуу потенциалын жашырып, теле таймашка келе албай, админ русурстун керемет күчү менен майданга жыйналган жылма тарапташтарына жолугуп, анысын «көз-көз» кылгандан башка өзгөчө деле иш кыла албады.  Жаныш Бакиевдин мааракесинен тартып алынган сүрөттөрүн эмес, белгилүү бир реформа программасын, ушул реформаларды сунуштай алган жок. Жапаровдун жеңиши күмөндүү болгонун, ал кызмат ордун толук отурбай турганын алгачкылардан болуп Орусиялык белгилүү саясат талдоочу Аркадий Дубнов айтып чыкты. Аркадий айткандай болсо болсун, бирок «аңга түшүп» эмес, алакан чабылып кетсин дейли… Жакшылык болсун!

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт