Саясат

Президенттик башкаруу формасын колдогондор өлкөнү кыдырууну пландоодо

Президенттик башкаруу формасын колдогондор элге референдум туурасында маалымат берүү үчүн Кыргызстанды кыдырууну пландоодо. Бул тууралуу тегерек столдо коомдук ишмер Турсунбек Акун билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык кеңешме өзүнүн ишин 1-январдан тарта улантат.

«Элге алгачкы жолу башкаруу формасын тандоо мүмкүнчүлүгү берилди. Буга чейин мындай болгон эмес. Өлкөнү каалагандай башкарып келишкен», — дейт ал.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо жана башкаруу формасы боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Референдумга төмөнкү башкаруу формасын тандоо маселеси коюлат: президенттик республика; парламенттик республика; баардык варианттарга каршы.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт