БийликПрезидент
Маанилүү

Президентти «тааныбайм» деген ак үйдүн кызматкери үн катты

2-мартта болуп өткөн митингтеги аялдар жулмалап “Сооронбайды таап кел” ,- дешкенде “тааныбайм аны”,— деп жооп берген ак үйдүн кызматкери инстаграм баракчасына төмөндөгүдөй деп жазды:

«Урматтуу мекендештер! Менин сиздерге кайрылуумдун себеби, соңку күндөрдөгү өлкөбүздө болуп өткөн окуя… Себеби, унчукпай коюууга, көңүл бөлбөй өз ишимди кыла берүүгө ар бириңиздердин айткан ой пикириңиздер жол берген жок. Ооба, мен «тааныбайм» деп жооп бердим. Себеби, кеп, сөзгө келбеген, «ЭНЕмин» деп, бирок, бирөөнүн баласын жулмалап, ур-тепкиге алган эжекелерге башкача жооп берүүгө мүмкүн эмес болчу! Билбейм деген бир сөз, билем деген миң сөз демекчи, билбейм, тааныбайм деп оңой кутулганымды эч кандай саясатташтыруунун кажети жок! Ал эми АЯЛ кишиге теңелип, кайра жооп ирээтинде кол көтөрбөй басып кеткендигим бул, коркоктугум эмес, бул менин Кыргыз Аялдарына болгон сый — урматым деп түшүндүрөөр элем!!!

Андан дагы, кечээги күнү Кыргызстандагы белгилүү эле бир телеканалдын алып баруучусунун «сиз негизи президентти тааныйсыз да ?» — деген суроосу кызык болду 😊 Менимче, азыркы учурда, Ажобуздун атын беш жаштагы бала дагы билсе керек! Же «таап кел!» — деп буйрук берген эжекелерге «Тааныбайм» деп тез кутулуу аракетинде шашыла берген жообум билими, түшүнүгү жогору адамдар үчүн дагы Чындай сезилгени күлкүнү келтирет 😄.«-деп жазган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button