АналитикаСаясат

Президент тажиктерге ишенип жатат, бирок тажиктер ишеним бере турган калк эмес — Айбалаев

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тараткан билдирүүдө кыргызстандык малчылар чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Согди облусунун аймагына кирип кеткени айтылат. Жергиликтүү тургундар нааразы болуп, кыргыз жарандарынын тез арада чыгып кетишин талап кылышкан.

«Кыргыз тарап талаштуу тилкелердеги чек ара сызыгын аныктаган эки тараптуу макулдашуунун сактагандын ордуна окуя болгон жерге кошумча күчтөрдү жөнөтүп, куралсыз кишилерге ок чыгарган»,-деп айтылат тажик тарап тараткан билдирүүдө.

Чечилбеген чек ара: Кыргыз-Тажик чек арасындагы чатактардын чыныгы себеби

Расмий маалыматтарда ок атышуудан 19 жаштагы аскер кызматкери жаракат алганы айтылды. «Кыргыз тарап чек арадагы кырдаалды жасалма түрдө курчутууга аракет кылып жатат» деп айыптады Тажикстан.

«Кырдаалды Тажикстан курчутууда»

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан өз кезегинде «акыркы маалдагы кыргыз-тажик чек арасында абалды тажик тарап атайын курчутуп жатат» деп билдирди.

Ошондой эле » биринчи болуп ок чыгарып, жасалма түрдө кырдаалды курчутуу тажик тарапка гана пайдалуу» деп белгиледи.

«23-майдан тарта Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Кыргызстандын Баткен облусунун Мойнок аймагына мал жайууга тынымсыз аракет кылып келишкен. Тажикстандын чек ара кызматы Кыргызстандын аймагында малдын мыйзамсыз жайылып жүргөнүнө эки сутка байкоо салып, бирок Ворух анклавынын жашоочуларына чара көрүшкөн эмес»,-деп айтылат Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.

«Жыйынтыгында, кыргыз тараптын мыйзамдуу талабына Тажикстандын чек карачылары ок атуу менен жооп кылышкан».

«Президент тажиктерге ишенип жатат, бирок тажиктер ишеним бере турган калк эмес»

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаевдин пикиринде, азыркы президенттин кадамы аларга ишенип жатпайбы, бирок тажиктер ишеним бере турган калк эмес.

Бул тууралуу дайыма эле айтып келе жатам. Тажик эли акылдуу, күжүрмөн, куу эл экенин дагы бир баса белгилегим келет. Баткенде ата-бабаларым «сарт там айланганча» деп айтып калышчу. Алар эч сөзгө турушпайт, буларда ал нерсе улуттук каада-салт, мүнөз болуп эсептелет. Мен алар менен соодалашып, утуп-уттуруп тажрыйба алгам.- дейт Айбалаев

«Коңшулар менен жүз карашпай калдык»

«Тажиктердин жайыттары жокко эсе. Биздин жайыттарга, суулуу жерлерге бак-дарактарын тигип чыгып алышкан. Ворухта, Чоркуда жайыттар тартыш. Мурда кеңири мал жайып көнүп калышкан. Биздикилер чек араны мыктылап кайтара баштаганда анан маселе башталды да. Алар мурдагыдай эле жайытты пайдалана бергиси келет. Биз өзүбүздүн Мойнок, Кишемиш жайлоосуна Тажикстандын Ворух анклавын аралап өтөбүз. Мал аралап өткөндө экөө-үчөөнү жоготосуң. Ошон үчүн мал-жандыкты унаага салып өтүшөт. Көп малы болсо, ашууларды ашып, айланып тоо менен өтүшөт»,-дейт Көк-Таш айлынын тургуну Мурат.

Анын айтымында, соңку жылдары мурда салам-алиги түз коңшулары менен дагы жүз карашпай калышты. Анын үйү шахматтык абалда жайгашкан тилкеде. Маселен, анын үйүнүн так эле маңдайында тажикстандык тургундун үйү бар.

«Тажик коңшум менен дарбазаларыбыз тушма-туш. Бирок мурдагыдай мамиле жок азыр. Анча мынча аткезчиликке тиешеси барлар эле мамиле кылбаса, негизи эле чек ара конуштарында мурдагыдай мамиле жок. Мал өтүп кетсе, ошо менен жок болот. Артка алып чыга албайбыз. Аларга курулушка уруксат, бизге уруксат жок. Бизге эч кандай курулуш курбагыла деп айтышкан. Биз ошону аткарып жатабыз. Алар буга баш бербей эле курулуш кылып жатышат»,-деди Мурат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинде 8-майда эле чатак чыгып, ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен районунун Чек деген жеринде кыргыз-тажик жарандары 50 сотке жер талашып, чатакташа кеткенин билдирген эле. «Күтүүсүз жерден Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек арачыларын көздөй минометтон ок чыгарган»,- деп айтылган Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматта. Окуяда үч кыргызстандык аскер кызматкери октон жаракат алган. Алардын биринин абалы оор бойдон калууда. Тажик тарап Чоркунун Куммазар айылынын эки тургуну оор абалда экенин айткан.

Акыркы беш жылда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында мамилелер оор сыноого түштү. Ар бир жаңжалда тараптар бирин-бири айыптаган билдирүүлөрдү тарат.

Чек арадагы абалдын дипломатиядан алыс кетип, мындай мүнөзгө өтүп алганына кабатыр пикирлер айтылып келе жатат.

ТАЛАШТУУ ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИ ЭМНЕГЕ ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТАТ?

Чек арадагы талаштуу абалды жөнгө салып, маселелердин чечилишине кызыкчылыгы бар экенин көрсөтүш үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чырлуу аймактан жолугуп, чек араны тактоону тездетүү, маселени чечиш үчүн укуктук документти тактоо боюнча тапшырмаларды да беришкен. Бирок андан кийин эки тараптуу чек араны тактоо боюнча жумушчу топтун иши жанданганы менен, азырынча алдыга жылганы билине элек.

Анткени, Тажик тарапка чек ара чырынын токтошу эмес, айрым ички чатактарды жөнгө салуу үчүн азырынча бул маселе чечилбей турганы оң болууда. Бул боюнча, президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган басма сөз жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүү иштери оор болуп жатканын ачык айткан жайы бар.

2000-жылдан бери комиссия иштеп жатат. Бирок 20 жылдан бери эч кандай тыянак жок. Андыктан жер алмашууга, такташууга биз көнсөк да тажик тарап оор талаптарды коюп, ар кандай шарттарды сунуштап, макулдашууга оңою менен көнбөй тургандай түрү бар…

Булак
BBC KyrgyzUA.KGsuper.kg
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close