БийликПрезидент
Маанилүү

Президент: “Санариптештирүү доорунда эне тилибизди дагы өнүктүрүп, аны илимдин, жаңы технологиялардын тилине айлантуу милдети турат”

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Ал мамлекеттик тил — өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланганын айтты.

«Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул мамлекеттик тилибиз. Мамлекеттик тил — өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды. Албетте, мүчүлүштүктөр да жок эмес. Санариптештирүү доорунда эне тилибизди дагы өнүктүрүп, аны илимдин, жаңы технологиялардын тилине айлантуу милдети турат», — деп айтылат билдирүүдө.

Президенттин айтымында, кыргыз тилин өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил катары жашоо практикасына кеңири жана терең киргизүү керек. Тил саясатынын негизи мамлекеттик тилди жалпы элдин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары ар тараптуу колдонуу менен аныкталат.

1989-жылдын 23-сентябрында мамлекеттик тил тууралуу мыйзам кабыл алынган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button