Саясат

Президент С.Жээнбеков С.Жапаров тууралуу токтомду кайра Жогорку Кеңешке жөнөтөт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-октябрда Садыр Жапаров менен жолукту. Жолугушууда өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланды, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы өкмөттүн түзүмү менен курамын аныктоо жана программасын бекитүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтому боюнча өз позициясын билдирди. Президент парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын белгиледи.

«Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы аталган маселени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен кароо үчүн парламентке кайтарат.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт