БийликӨкмөтПрезидент
Маанилүү

Президент парламенттик шайлоодон кийин отставкага кетет

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсүнөн кийин өлкө башчынын катчысы Толгонай Стамалиева маалымат берди. Жолугушуу өкмөт башчы менен курамы парламент тарабынан бекитилгенден кийин уюштурулган.

Садыр Жапаров президентке бүгүн кечинде отставкага кетүү тууралуу шарт койгон. Сооронбай Жээнбеков учурда кызматын таштап кетүүгө укугу жок экенин, мамлекеттин пайдасы үчүн бардык иш мыйзам жолуна түшкөндөн кийин кызматын тапшыра турганын айткан позициясында турат. Ал үчүн парламенттик шайлоо өткөрүп, жаңы президентти шайлоо күнү жарыяланышы керек.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт