БийликПартиялар
Маанилүү

«Президент кетсин!»: Аянттагы митингде кандай талаптарды коюуда?

Бүгүн, 5-октябрда парламенттик шайлоодо жеңилген партияларынын өкүлдөрү жана тарапташтары «Ала-Тоо» аянтында митинг өткөрүп жатышат.

Алар шайлоонун жыйынтыктарына нааразы экенин билдирип, шайлоону тааныбай турушканын айтууда.

Учурда «Ала-Тоо» аянтындагы митингде «Социал-демократтар», «Мекен ынтымагы», «Чоң казат», «Ордо», «Реформа», «Мекенчил», «Республика», «Бир Бол», «Ата Мекен» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери, мүчөлөрү жана тарапташтары бар.

«Республика», «Бир Бол», «Ата Мекен» жана «Замандаш» партиялары алгач А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жанында чогулушкан. Андан соң күндүн экинчи жарымында «Ала-Тоо» аянтындагы митингге келишкен.

Рыскелди Момбеков 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды. Ошондой эле шайлоодо жеңген алдыңкы 3 партияны мандаттарын тапшырууну айтты.

Алтынбек Сулайманов жаңы шайлоону дайындап, ага «Биримдик,, «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларын катыштырбоону талап кылды.

Жанар Акаев оппозициялык блок түзүп, жаңы шайлоого бирге барууну сунуштады.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт