КоомОкуялар
Маанилүү

Президент Бишкекке Өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарды

9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына Өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлык чыгарды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Наргиза Мансурова жарыялады.

Маалыматта жазылгандай, президенттин жарлыгы Конституциянын 64-беренеси, “Өзгөчө абал тууралуу” Конституциялык мыйзамдын 3,4,7,8-беренесине ылайык чыгарылган. Массалык башаламандыктардын натыйжасында жарандардын коопсуздугун сактоо жана өлкөдө кырдаалды турукташтыруу максатында токтом кабыл алынды.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 9-октябрь саат 20:00 – 8:00 аралыгында Өзгөчө абал жарыяланды. Өзгөчө абал тартып, 21-октябрга чейин киргизилет. Бишкек шаарында комендатура түзүлүп, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Алмаз Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды. Ошондой эле көрсөтүлгөн сааттар аралыгында коменданттык убакыт киргизилип, шаарга сырттан жарандардын кирүүсүн жана чыгуусуна өзгөчө режим киргизилет. Айрым жарандарга өздөрүнүн үйүнөн чыгууга тыюу салынат. Мамлекеттик маанилүү жана стратегиялык мекемелерди кайтаруу күчөтүлөт.

“Спорт, оюн-зоок, митинг, жүрүш жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бишкекке башка аймактан келип, коомдук тартипти бузган жарандар, чет өлкөлүктөр борбор калаадан чыгарылат.

Ишкана, мекемелердин иш тартибине өзгөчө режимге ылайыктуу өзгөртүүлөр киргизилет. Кызматкерлердин иштен өз каалоосу менен бошонуусуна тыюу салынат. Өзгөчө абал киргизилген аймакта кырдаалдын олку-солку болуусуна негиз түзгөн массалык маалымат каражаттарына көзөмөл кылынат. Байланыш каражаттарын пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилет. Унаалардын жүрүүсүнө чектөө салынат. Эл көп чогулган жерлерде жарандардын документтери текшерилет. Бишкек шаарынын комендантына шаардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү тапшырылды.

ИИМ, УКМК, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик менен биргеликте шаардын комендантына тынчтыкты сактоого көмөктөшүүсү милдеттендирилди. Башкы штаб Бишкек шаарынын аймагындагы блок-постторду аскер кызматкерлери жана техникалары менен камсыздап, куралдуу кагылышуулардын алдын алуу милдети тагылды.

Жогорку сотко жарандык, кылмыш, админстративдик иштерди кароонун аймактык тиешелүүлүгүн өзгөчө абал учурунда өзгөртүү тапшырылды. Башкы прокуратура мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылат. Кыргыз өкмөтүнө өзгөчө абал режимин камсыздоого керектүү каражаттарды бөлүү милдеттендирилди. Массалык маалымат каражаттары кырдаалды курчутпоо максатында комендант тарабынан берилген маалыматтарды таратууга тийиш”, деп жазылган токтомдо.

9-октябрда Бишкекте үч башка митинг өтүп жатат. Жогорку Кеңештин бир бөлүгү премьер-министрликке көрсөткөн Садыр Жапаровдун жактоочулары Өкмөт үйүнүн алдына, уюшкан кылмыштуу топторго каршы жаш активисттердин митинги Бишкектеги башкы темир жол бекетинин жанына чогулду. «Форум» ишканасынын алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери топтолуп, андан соң Ала-Тоо аянтына келишти

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button