Саясат
Маанилүү

Премьер-министрликке Аликбек Жекшенкулов, Узарбек Жылкыбаев жана Таалатбек Масадыковдун аты аталууда…

Бүгүн, 10-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеӊештин депутаттарынын жыйыны болот. Анда премьер-министрликке шайлоо талкууланат. Алдын ала маалыматтарга караганда, үч кишинин аты аталууда. Алар: Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, Узарбек Жылкыбаев жана Таалатбек Масадыков.

Жарым депутаттар Садыр Жапаровду мыйзамсыз шайланды деп каршы чыгышууда, бир пикирге келише элек. Буга чейин  Өмүрбек Бабановдун, Клара Сооронкулованын, Тилек Токтогазиевдин, Алтынбек Сулаймановдун аттары аталып, айрым партиялардын атынан сунушталган.

Ал эми Садыр Жапаров бу кызматка мыйзамдуу келгенин баса белгилеп, анын ишине айрым саясатчылар тоскоол болуп жатканын айткан. Ошондой эле анын жактоочулары бул кызматка аны бекитмейинче Эски аянттан кетпей тургандарын билдирди. Тагырагы, алар бүгүн, 10-октябрда Өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, “Садыр! Садыр!” деп кыйкырып турушат.

Кыскасы, талашка түшкөн бул тактынын тагдыры бүгүн чечилет.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт