БийликКоомОкуяларПрезидент
Маанилүү

«Подстава кылып камап коюшту. Биз ачка отурабыз» Токтогулдук үй-бүлө президентке кайрылды

Токтогул районунун тургундары арыз-муңун айтып президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Алар жакыр үй-бүлө экенин, жалгыз аларды баккан уулун милициялар жалган-жалаа менен каматып жибергенин айтып кайрылышты.

«Мен Токтогул районунун тургуну болом. Анарбеков Тынчтыктын апасымын. Менин баламды «подстава» менен милициялар 6 ай мурда камап койгон. Үйүмдү сатып баламды чыгарып алайын десем, үйүмдүн кебетеси бул. Атасынын кебетеси бул, бала-чакасы мына. Мен кайда кайрыларымды билбей турам, жашообуз абдан оор. — деди көз жашын тыя албаган эне.

Ал эми Тынчтыкбек Анарбековдун жубайы, үч баланын энеси президентке буга чейин кат түрүндө да кайрылганын, бирок эч кандай жооп болбогонун кошумчалады:

«Урматтуу Садыр Жапаров! Биздин жашоо-шартыбыз абдан оор. Көрүп турганыңыздардай, кааласаңар келип көрүп кеткиле. Үч балабыз менен, оорукчан ата-энебиз менен ачка-ток отурабыз. Үйдө атам жалгыз пенсия алат. Биз кимге кайрыларыбызды деле билбей отурабыз. Жалгыз күйөөм бизди бакчу. Күйөөм андайга барчу киши эмес. Милициялар «подстава» кылышты. Оор беренелерди илип жатышат. Кат түрүндө да кайрылганбыз, анда да жооп жок. Ушул маселебизди чечип берүүңүздү суранабыз.»

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт