БийликКоомӨкмөт

Паспорт ала албай ыйлап жүргөндөр бар! Эл өкүлү Пратованы иштен алууну сунуштады

Депутат 50 жаштагы кишинин эки жылдан бери паспорт департаментинен документин ала албай ыйлап жүргөнүн билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратованы кызматтан алууну сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, жарандар паспорт алууда мүчүлүштүктөр жаралса, көйгөйү жылдап чечилбей келет.

“Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси бүгүн кетиптир. Ага Пратованы дагы кошуп койсоңор жакшы болмок экен. Себеби Матмусаев Жамалдин деген 50 жаштагы киши кабинетиме келип көзүнө жаш алды. Эки жылдан бери паспорт ала албай мукураптыр. “Кыргызстанда кор болуп жатам” деп ыйлайт. Элди мынчалык кыйнабайлычы. Эгер колунан иш келбесе, кетириш керек. Эмне үчүн анын маселеси чечилбей жатат? Олуттуу болсо ачык айтып түшүндүрүүлөрү керек эле. Карасам, бардык документи туура экен. Пратова менен өзүм да беш жолу сүйлөштүм, натыйжа жок”, — деди Нышанов.

 

Булак
sputnik.kg
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button