АналитикаБийликПартияларСаясат

Партиядан партияга секирген, ар шайлоо сайын “саясий талак” алып, кайрадан “никесин” жаңылаган саясатчылар жөнүндө

Кыргызстан акыркы 30 жыл ичинде бийлик бутактарын чырмооктой ороп алган 300ге жакын үй бүлөнүн туткунунда калган.

Ар бир парламенттик шайлоодо болгону орун алмашат: кечээ депутат болгону министр , министр болгону депутат болот, оппозиция бийликке келет, бийликтегилер оппозицияга өтөт. Ал эми алардын бала-чакасы, тууган уругу, куда сөөгү майлуу сүттүү жерде өз ордунда отура берет. Кыргыз бийлигинин бир өзгөчөлүгү: учурда дымагы күчтүү болгон бийликтеги адам деле эртеңкисин ойлоп оппозициядагы бирөөгө кызын берип, уулун үйлөйт. Балким кызматтан түшүп калса, куугунтукталбай калам деген таризде. Ошондуктан бул 300 саясатчы өз ара кудалашып, достошуп бүткөн. Криминалы соттор менен, молдолору депутаттар менен, министрлер олигархтар менен тууган болуп чыгат жакшыраак териштирсең.

Жоруктуу Кеңештин 7-чакырылышына учурда эл өкүлү белгисин тагып жүргөн 90 жакын депутат ат салышып жатат экен. Биздеги партиялык система шайлоодо гана иштебесе, классикалык партиялык аң сезим, партиялык маданият дагы деле өнүгө элек. Кыргыз партиясы- бул белгилүү уставдык капиталга ээ болгон жана убактылуу уставдык максаттарга жетүү үчүн чогулган акционерлердин коому. Учурдагы партиялардын баарынын уставы да, программасы да, платформасы да бирөө эле- бийликке жана ресурстарга жетүү. Муну кээ бир эл өкүлдөрүнүн 20 жыл ичинде 5-6 партияга мүчө болуп, күн кайсыл жактан чыкса, ошол жакка чабууга даяр кубулма жүзү көрсөтүп турат. Партиядан партияга секирген, ар шайлоо сайын “саясий талак” алып, кайрадан “никесин” жаңылагандарга бир саресеп салып көрөлү:

1. Бийликчил мурунку эле “Алга Кыргызстан” , “Ак жол”, “СДПК” деген кашаң эшекке жаңы чом жабылган “Чимирилдик” партиясынын тизмеси менен учурдагы 28 депутат улуу көчтү улай жолго чыкты. Алардын жарымы (14)-“СДПК”, 7- “РАЖ” ,4- “Бир бол”, 3- “Өнүгүү прогресстен”.
2. Эл ичинде жалаң чөнтөктүү базаркомдордон куралган “Шарапстан” аттуу партиядан 14 депутат аттанып жатат. 2 гана депутат “РАЖ” партиясынан жана 1 “Өнүгүүдөн” кире качканын эске албаганда, булардын 11 өз партиясында калыптыр.

3. Түндүктө гана эмес, түштүктө да бир мокочого айланган “Жегеним Кыргыздан” партиясынан 14 депутат дагы бир жолу значок тагынсам деп турат. Жаңы партия болгону үчүн “РАЖ” -7, “СДПК”-5, “Өнүгүү” жана “Кыргызстандан” бирден депутат даярданып жатат.

4. Көптөгөн “тарапташтары” партия “лидеринин” артынан кемени таштап кеткен “РАЖ” же болбосо жаңыча “Без бублика” партиясынан 7 депутат кайыштуу кресло үчүн күрөшкө түштү. Өздөрүнөн “РАЖ”-5 , ал эми “Өнүгүү” жана “СДПКдан” бир бирден.

5. “Жаңы” жүздөр менен кооздолгон “Акам экен” партиясынан да 7 депутат кайрадан үргөн, бирок тиштебеген конструктивдүү оппозиция болууга ашык экен. Бул партия да өз курамындагы күчтүү депутаттарын жоготуп, болгону өз партиясынан (“Ата-Мекен”-3, ал эми чачыраган “СДПК”-4 депутат.

6. Чыныгы партиялык берилгендикти “СДПК”нын токолунан төрөлгөн “Социал пираты” партиясы көрсөтө алды окшойт. Аттанган баардык 6 депутат өз бай “атасын” сатпады, “СДПК”-6.

7. Бийлик менен шилекей алышып, көз кысышып бараткан “Табакташ” партиясынан 5 учурдагы депутат кайрадан КЖ номур машинеде жүргүсү бар. “Бир бол”-2, “Ата Мекен”-2 жана “РАЖ”-1.

8. Шайлоо сайын тарапташтарын бут кийимдей алмаштырган “Бир нөл” партиясынан болгону 3 депутат баратат. “Бир бол”-2, “Ата Мекен”-1.
9. Өз учурунда эң көп добуш алса да, саясий банкрот болгон соң, эски унаасын сырдап чыккан “Эсенчил” партиясынан 2 депутат Жоруктуу Кеңештин көркүн дагы бир жолу ачсак дейт. “РАЖ”-1, “Ата Мекен”-1.

10. “Капкан согушунун ардагерлери”, “Текин ынтымагы”, “Кордо”, “Не форма”, “Ыклас нуру”, “Чоң табак” партияларынын тизмесинде учурдагы депутаттар жок.

11. Азырынча тизмеси ачык жарыя болбогондугуна байланыштуу “Бүкүр кыргыздар” партиясы боюнча маалымат таба албадык.

Өзүңөр көрүп тургандай бу шайлоодо деле орун гана алмашуу болуп жатат. Бул болгону учурдагы депуттардын саны, ал эми мурунку чакырылыштарда жыргата албаган экс-депутаттардын саны мындан 2-3 эсе көп. Барсам деп, бирок акчасы жокторду айтпа. Биздин кыргыз саясатындагы аракеттер машиненин дөңгөлөгүн алмаштырган сымал. Ар бир беш жылда шопур (саясатчылар) алдыңкы дөңгөлөктү артка, сол жактагыны оң жака алмаштырып кожоюнун (элди) алдап жатат. Эгер бул жолу да эл алданып калса (алданып калат окшойт баары бир), анда бул белгисиз маршруттун шопуру бизди жардан учурат. Орун алмашуудан абал өзгөрбөйт, туугандар!

Автор: Нуриет Абдулазиз

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

 

Автору
Нуриет Абдулазиз
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт