КоомМыйзам жана укукСаясат

Парламенттик жана жергиликтүү кеңештерди шайлоо чогуу өтөбү?

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору каралып жатат.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Жыргалбек Турускулов парламенттик жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону чогуу өткөрүүнү сунуштады.

«Менин кайрылуум бар эле. Азыркы кырдаалга, пандемияга байланыштуу жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин шайлоосун бириктирсек туура болот го деп ойлойм. Бул менин жеке сунушум. Бюджетти кыскартууга дагы бардык. Эгерде экөөнү кошсок бюджеттен канча сом үнөмдөлөт? Нуржан Кармабековна, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамды айтып берсеңиз? Буга мыйзам жол берет экен», — деп кайрылды.

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова: «Пандемияга байланыштуу президенттин буйругу менен жергиликтүү кеңештин шайлоосу токтотулган. Жергиликтүү шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 56 млн сом каралган. Анын 30 миллион сому пайдаланылды», — деди.

Ж.Турускулов: Парламенттик жана жергиликтүү кеңештерди шайлоону бириктирсек божомол менен канча сом үнөмдөлөт?

Н.Шайлдабекова: Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Мыйзамда Жогорку Кеңештин шайлоосун өткөрүүгө 560 млн сом, жергиликтүү шайлоону өткөрүүгө 56 млн сом каралган. Жергиликтүү шайлоо процессинин 40 күнү өттү. 24 млн сом пайдаланылды, дагы келишимдер бар, 6 млн сомду ошого пайдаланабыз. Эгерде бириктирсек албетте үнөмдөйбүз. Бирок бул жерде маанилүү башка себептер каралышы керек. Мисалы, элибиздин ден соолугу. Эгерде жергиликтүү шайлоо өтүп жаткан жылы парламенттик же президенттик шайлоо өткөрүлсө, анда 2 шайлоону бир күндө өткөрсө болот деп мыйзамда көрсөтүлгөн.

Кесиптешинин сунушун депутат Марлен Маматалиев дагы колдоду.

«Нуржан Кармабековна, сиз бул жерде жакшы белгилеп кеттиңиз. Ошол акчаны үнөмдөө эмес, албетте, бул дагы керек нерсе. Бирок эң негизгиси пандемия. Коронавирус жуктургандардын саны азайган жок, күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Жакынкы аралыкта шайлоону өткөрүүгө болбойт. Күзүндө парламенттин шайлоосу менен өткөргөн туура болот. Элибизди кайра-кайра топтой бербей чогуу өткөрсөк деп мен дагы сунуштайм. Бул элибиздин коопсуздугу», — деди ал.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт