КоомМыйзам жана укук

Парламентте өзгөчө абал маселесин кайра кароо тууралуу сунуш айтылды

Жогорку Кеңеште Бишкекте өзгөчө абал жарыялоо маселесин кайра кароо тууралуу сунуш айтылды. Депутат Мыктыбек Абдылдаев 14-октябрда парламенттин чукул жыйынында сүйлөп жатып буга чейин кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун бекитүү зарылдыгын белгиледи:

“9-октябрда өзгөчө абал кирди. 12-октябрда аны жокко чыгарбай туруп дагы киргиздик үстүнө. 24-мартта кирген өзгөчө абалды да ушул убакка чейин жокко чыгара элекпиз. Азыр үч жолу өзгөчө абал турат бизде. Өзгөчө абал киргенде коалиция эмес, бүткүл парламенттик комитет иштеши керек. Ошондуктан мен азыр бүткүл парламенттик комитеттин төрагасын шайлайлы. Же профилдик комитет алып барышы керек”.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу быйыл март айында айрым аймактарда өзгөчө абал режими киргизилген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки жаралган саясий кризистен жана жапырт башаламандыктан улам президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда 21-октябрга чейин Бишкекте өзгөчө абал жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

12-октябрда президенттин дагы бир жарлыгы чыгып, борбор калаада озгөчө абал 19-октябрга чейин деп жарыяланган. Жогорку Кеңеш 13-октябрдагы кезексиз жыйынында бул жарлыкты бекиткен.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт