БийликЖогорку КеңешПартиялар

Парламентке депутат Исхак Масалиевдин ордуна Нургазы Айдаров келиши мүмкүн

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Исхак Масалиев («Өнүгүү-Прогресс») билдирүү жасап, мандатын тапшыра турганын айтты. Тактап айтканда, 25-майдан тарта парламенттен кетерин билдирди.

Шайлоо жана референдум өткөрүү Борбордук комиссиянын маалыматы боюнча, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер Айдаров Нургазы Абдыраевич.

Айдаров үч жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Анын бир тууганы Салайдин Айдаров «Кыргызстан» фракциясынын депутаты.

Толугу менен
Back to top button