БийликЖогорку Кеңеш
Маанилүү

Парламент жыйынында экс-министр Космосбек Чолпонбаевди жоопкерчиликке тартуу маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди шалаакылык кылып, оорунун жайылып кетүүсүнө жол бергени үчүн жоопкерчиликке тартууну сунуш кылды.

Эл өкүлү Иманалиевдин айтымында, мурунку министрдин коронавирустун жайылып кетүүсүнө жол бергени үчүн жоопкерчиликке тартуу зарыл.

«Бул боюнча прокуратура иликтесин, иштесин. Бул кийинки министрлерге, орун басарларына да сабак болушу керек», — деп кошумчалады депутат.

Учурда парламентте Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп жатат. Ага өкмөт мүчөлөрү катышууда.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов Космосбек Чолпонбаевге чара көрүлүшүн талап кылган видеокайрылуу тараткан.

Калмаматов: “Камабайсыңарбы? Чолпонбек эркин жүрөт го дагы деле?!”

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button