Жогорку КеңешКоомМыйзам жана укукСаясат
Маанилүү

Парламент аз келгенсип эми партияларды да кошо багабызбы?

Саясий партияларды мамлекет тарабынан колдоого алып, аларды республикалык бюджеттен каржылоо демилгеленүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралып, концепциясы кабыл алынды. «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутаттар Айнуру АлтыбаеваМирлан Бакиров жана Нурбек Алимбеков сунуш кылышкан. Мыйзам долбоорунда партия түзүү, анын ишмердиги, программасы жана уставы сыяктуу саясий бирикмеге тиешелүү бир катар беренелер бар.

Иштеп жаткан шайлоо мыйзамдарына ылайык партиялар парламенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 5 миллион сомду күрөөгө коюшат. Анын ичинен шайлоодон утуп Жогорку Кеңешке келген партиялар менен шайлоочулардын беш пайыздан кем эмес добушун алгандар күрөөнү кайтарып алат. Калган акча бюджетке түшөт.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккандар мына ушул акчаны парламентке келген жана шайлоочулардын эки пайыздан кем эмес добушун алган партияларга бөлүп берүүнү сунуш кылышты. Демилгечилердин айтымында, мыйзам партиялардын ролун, жоопкерчилигин, ишмердүүлүгүн жана каржы булактарын камтыйт. Аталган долбоордун алкагында шайлоо процессинде шайлоочулардын 5 пайызынын колдоосун таппай калган партиялардын бюджетке түшө турган шайлоо күрөөсүнүн эсебинен саясий партияларды каржылоо сунушталууда.

«Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам долбоорунун бул беренеси авторлордун сунушу боюнча 2026-жылдан тартып иштейт. Документтин авторлору эксперттер 2024-жылдан баштап Кыргызстандын экономикасында өсүш болорун айтып жатышканын билдиришти. Ушундан улам алар республикалык бюджетке анчалык оорчулук келбейт деп жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов партияларды бюджеттен каржылоого каршы чыкты:

«Элдин оюн угуш керек. «Партияларды бюджеттен каржылаш керек» дегенге элден кандай жооп алабыз, билбейм. Мен партиялардын жоопкерчилиги, алардын ишмердиги боюнча маалымат берилишине каршы эмесмин. Бирок аларды бюджеттен каржылаш керек дегенге элден жакшы жооп албайбыз».

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Кенжебек Бокоев мыйзам долбоорундагы кооптуу жагдайларга көңүл бурду:

«Парламент араң жүргөндө бул мыйзам долбоору менен белибизди сындырып албайлы. Мамлекет партияларды беш жыл каржылап турат экен. Анын үстүнө 0,01 пайыздан кем эмес деп жазылган. Бул жерде даана 16 миллион сом эмес, андан кем болбошу керек деген сунуш берилип жатат. Эртең Жогорку Кеңешке өткөн партия «мага 1 млрд. сом керек» десе алардыкы мыйзамдуу болуп калат. Ошондуктан бул беренени алып салыш керек».

Саясий партияларды казынадан каржылоо демилгесин сындагандар четтен чыгат. Катардагы жарандардын көпчулүгү партиялардын бюджеттен каржыланышына каршы. Парламентте отурган депутаттарды бакканыбыз аз келгенсип, эми саясий партияларга каражат берүү акылга сыйбас демилге деген пикирлер айтылууда:

 

“Партияңар элге керек эмес, партия силердики керекпи өзүңөр каржылап алгыла. Эл силерге эшек беле, жүгүңөрдү көтөргүдөй. Элди эмне кылып жыргатып койдуңар, силерди каржылагыдай. Элден үмүтүңөрдү үзгүлө даярпоздор”

Эске салсак, Кыргызстанда Юстиция министрлигинен 270ке жакын саясий партия каттоодон өткөн. «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам 1999-жылдан бери өзгөртүлгөн эмес. Үч депутат иштеп чыккан мыйзам 10-мартта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралып, концепциясы жактырылды.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button